Кыргызстанда туруп Россиядагы окуу жайга тапшырса болот

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЗдание Уральского федерального университета
Здание Уральского федерального университета  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын жогорку окуу жайларынын бири Бишкек менен Ошто экзамен алат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россиянын Урал федералдык университетинин көчмө жумушчу тобу Кыргызстанга келип абитуриенттерден экзамен алат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Экзамен тапшыруу Бишкек менен Ош шаарында өтөт.

Өз кезегинде университеттин ректору Виктор Кокшаров Кыргызстандагы абитуриенттерге кызыгуусун билдирген. Учурда Урал федералдык университетинде 110 кыргызстандык окуйт. Жыл сайын алардын мыктыларына Сүймөнкул Чокморов атындагы фондунун стипендиясы берилет.

"Кыргызстан менен көптөн бери жакшы мамиледебиз жана өлкө үчүн көптөгөн адистерди даярдадык. Алардын көбү өз мамлекетинде иштеп жатат. Бүгүнкү күнү да абитуриенттерге сунуштай турчу көп нерсебиз бар. Алардын эң башкысы - жогорку сапаттагы билим берүү жана илимий изилдөөлөр, өзүнүн талантын ачуу мүмкүнчүлүгү", - деди ал.

Кокшаров 27-мартта өткөн Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун биринчи форумуна келген.

Урал федералдык университетине тапшыруу экзамени качан болору так жазылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0