"Салам, аскер!". Путиндин кыргызча учурашканын эл кандай кабыл алды

© REUTERS / Maxim ShemetovЦеремония официальной встречи Владимира Путина в Бишкеке
Церемония официальной встречи Владимира Путина в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидеринин КР Улуттук гвардиясынын Ардак кароолунун жоокерлери менен учурашканы социалдык тармакта кызуу талкууланууда.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Россиянын президенти Владимир Путин "Ала-Арча" резиденциясында Улуттук гвардиянын Ардак кароолу менен "Салам, аскер!" деп кыргызча учурашкан.

Путиндин сапары 2019-жылдын 28-мартында болду.

Россия лидеринин КР Улуттук гвардиясынын Ардак кароолунун жоокерлери менен учурашканы социалдык тармакта кызуу талкууланууда. Sputnik Кыргызстан интернеттеги кызыктуу делген комментарийлерди чогултту.

"Салам Аскер!": Путин Кыргызстанды таңгалдырды". Россиялык газета Gazeta.ru. дал ушундай тема менен материал жарыялады.

​Анда сапар башкача башталгандыгы, учактан түшкөндө эле боорсок жана бал менен тосуп алуу болгондугу баяндалган. Андан ары Владимир Путин Улуттук гвардиянын жоокерлеринен турган Ардак кароол менен таптак кыргызча учурашканы жазылган.

"Абдан жакшы жана азем менен тосуп алышты! Владимир Путиндин сапарынын ийгиликтүү болушуна каалоолор айтылды", — деп жазган Россиядан Полина Ангелова.

"Кыргыздын тилинде сүйлөгөнү — бул мамлекетибизге урмат билдиргени!" — деп жазган Aftandil аттуу бир колдонуучу. 

"Кыргызстанга болгон сый-урмат!!!", — деп жазган ага улай Айбек Алиев аттуу жаран.

"Сонун!" — деген Мира Токтогонова.

"Азамат Путин. Биздин кыргыз тилибизди сыйлап", — деген пикирин калтырган ainura_mamatjanova аттуу колдонуучу.

Россия лидери кыргыз президентинин ага берилген тартуу — аргымак менен тайганга болгон реакциясын бул видеодон көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0