Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж

© Sputnik / Табылды КадырбековЖенская исправительная колония №2
Женская исправительная колония №2  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сахнага чыгып, колуна микрофон алган кызды көргөндө зал тунжурай түштү, ушунчалык мукам үнү менен ыр созуп жатты... Бир нече жыл илгери бул кыз досу менен өз жигитине бычак урган. Sputnik Кыргызстандын кабарчылары №2 түзөтүү колониясындагы "абактын эң ажарлуусу" тандалган сынакка күбө болуп кайтышты.

Өлкөдөгү жалгыз аялдар абагы Бишкектен анчалык алыс эмес Степное айылында жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын үйлөрүнөн аны ондогон эле метрлер бөлүп турат.

Мында 300дөн ашуун аял жазасын өтөйт. Кызматкерлердин айтымында, колонияда көбүнесе киши өлтүрүү, көз боемочулук жана баңгизат сатуу менен кармалгандар отурат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКолонияда көбүнесе киши өлтүрүү, көз боемочулук жана баңгизат сатуу менен кармалгандар отурат
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Колонияда көбүнесе киши өлтүрүү, көз боемочулук жана баңгизат сатуу менен кармалгандар отурат

"Айрымдары жазасын жеңилдетүү үчүн бойго да бүтүрүшөт, бирок бул абактагы мөөнөтүнө эч таасир этпейт, болгону бул жактагы шарты өзгөрөт. Көз жарган соң жаш аялмет энелер жалпы туракта эмес, балдар бөлмөлөрү, жуунучу жай жана дааратканасы бар тамдарда жашашат", — дейт абак кызматкерлеринин бири.

Ал бизге жети ирет жаза өтөгөн аялдын баянын мисалга келтирди. Абакка түшкөн сайын боюна бүтүрүп отуруп жети баласы тең эми балдар үйүндө тарбияланат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАбакта жети ирет жаза өтөгөн аял жети бала төрөгөн
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Абакта жети ирет жаза өтөгөн аял жети бала төрөгөн

Ушул тапта бир кабат турак жайда 10 аял балдары менен турат. Ал тамда оюнчуктар көп болгону менен дайым иреттелип, таптаза. Арка тарапта селкинчек, темир жылгаяктар орнотулган балдар аянтчасы курулган.

Коңшу тамдарда калган айыпкерлер жашайт. Ар биринде ондогон эки кабат керебеттер коюлуп, баары парда менен тосулган. Ортодо чакан тумбалар, ар бир төрт аялга бирөө бөлүнгөн. Айрым аялдардын телевизору да бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУшул тапта бир кабат турак жайда 10 аял балдары менен турат. Ал тамда оюнчуктар көп болгону менен дайым иреттелип, таптаза.
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Ушул тапта бир кабат турак жайда 10 аял балдары менен турат. Ал тамда оюнчуктар көп болгону менен дайым иреттелип, таптаза.

Барак тибиндеги андай тамдардын бирине баш бакканыбызда бопбош экен, абактагы айымдардын баары сулуулар сынагына кетишиптир. Эң аркадагы күзгүгө спорттук кийимчен бир бийкеч каранып, жасанып жаткан экен. Макияжы жарашыктуу, кирпиктери чапталган, тырмактары да жаңы боелгон.

— Бул колониянын кызматкериби?
— Жок, абакта жазасын өтөйт, киши өлтүрүп түшкөн.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлөм, жакындарым менден баш тартып коюшту... Абактан чыккан кишинин күйүтү
Кыз болгону 19да экен, бул жакка кабылганына эки жылдай болуптур. Эч нерсеге карабастан, татына бойдон калгысы келерин, ошондуктан боенууга, тырмактарына кам көрүүгө убакыт сарптарын жашырбады.

"Жигитимди бычактадым. Кокустук болду. Бизди курбум тааныштырган, кыз-жигит болуп жүрдүк. Ал милицияда иштечү. Үйлөнөрүбүзгө убада берген. Бир күнү уруша кеттик. Анын колунда бычак бар эле. Мени коркуткусу келген көрүнөт, адеп ал тап берди, анан мен. Ойноп жаткандай эле болгонбуз. Анын жүрөгүнө бычак урганымда оюн эмес экенине ынана да албадым. Тез жардам чакырдым. Эртеси мага анын көз жумганын угузушту", — деп улутунат абактагы бийкеч.

Бир саамдан соң ал жигитинин өлүмүнө ишенбей турганын, иш атайын жасалганын кошумчалайт. Колониянын кызматкери бул жайда отургандардын баары өздөрүн бейкүнөө экендигин айтышарын эскертти.

Соттолгон аялдар топтолгон залга кирдик. Көпчүлүгү жүздөрүн жоолук менен жаап калышты. Анан гана бул диний эмес, тек гана жүздөрүн камерадан жашыруу аракети экенин уктум. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСынакка ар бир отряддан жалпы төрт гана кыз катышты. Алар бул күнгө бир айдан бери камылга көрүшкөн.
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Сынакка ар бир отряддан жалпы төрт гана кыз катышты. Алар бул күнгө бир айдан бери камылга көрүшкөн.

Сынакка ар бир отряддан жалпы төрт гана кыз катышты. Алар бул күнгө бир айдан бери камылга көрүшкөн. Өздөрү кийим тигип, өнөрлөрүн көрсөтүүгө даярданышкан. Сахнага ачык көгүш түстөгү көйнөк кийген кымча бел, чачы да талаптагыдай жасалган кыз чыкты.

— Бул да жаза өтөйбү?
— Жок! Азыр кыздардын көбү мындай майрамдарды алып баруудан баш тартышат. Журналисттер сүрөткө, тасмага тартып алып көрсөтүшөт, анан аларды жакындары түрмөдө отурсаң, тим жүрбөйсүңбү жар салбай деп тилдешет, — деп түшүндүрдү абактагы айымдардын бири.

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнага ачык көгүш түстөгү көйнөк кийген кымча бел, чачы да талаптагыдай жасалган кыз чыкты
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Сахнага ачык көгүш түстөгү көйнөк кийген кымча бел, чачы да талаптагыдай жасалган кыз чыкты

Колониядагы бийкечтердин сынагы Бишкекте өткөн кадимки сулуулар мелдешинен эч айырмаланбайт. Алгач кыздар подуимда, албетте, бул жерде ал жайды подуим элестетип басышты. Сымбаттуу мүчө-келбети бар кыздар эл алдында айлана басып өтүштү. Калыстар да упай аябады, зал да кыйкырык-сүрөөнгө алып турду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКолониядагы бийкечтердин сынагы Бишкекте өткөн кадимки сулуулар мелдешинен эч айырмаланбайт
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Колониядагы бийкечтердин сынагы Бишкекте өткөн кадимки сулуулар мелдешинен эч айырмаланбайт

Кээ бир айыпкерлер бул арада сынактын катышуучуларын кеп кылып жатышты.

— Өз жигитин бычактап салды деп ким айтат муну... Жөн өлтүрбөй, ал маркумдун эркектик мүчөсүн да кесип салыптыр, — деди ал.
— Баары сүттөн аппак эмес! Мисалы, тетиги Ажар (ысымы өзгөртүлдү — ред.) өз чүрпөсүн карга көөмп салган, эми өзүн периште сезип, турмушка чыгууну кыялданат, — деп сөз кылды экинчиси.

Андан кийинки сөздөрүнөн улам сынактын бардык катышуучулары КР Кылмыш кодексинин 97-беренеси менен отурганын билдик. Аны абактын кызматкерлери да тастыкташты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСымбаттуу мүчө-келбети бар кыздар эл алдында айлана басып өтүштү
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Сымбаттуу мүчө-келбети бар кыздар эл алдында айлана басып өтүштү

Сынактын жүрүшүндө сырттан чакырылган коноктор да сахнага чыгып жатышты. Эстрадалык ырчылар сахнага чыкканда көрүүчүлөрдүн арасындагы бир айым көз жашын тыя албады. Айгүлдүн (аты өзгөртүлдү — ред.) колонияга түшкөнүнө эки жыл болду, дагы 11 жылы бар.

Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети батирди бөлүшө албай түрмөгө түшкөн бир туугандар. Адвокат менен маек
"Биринчи жолдошум экинчисин өлтүрүп салды, мени болсо аны өлтүрүүнү уюштурган деп табышты. Көрсө, кыздарым өгөй атасы аларды кагып-силкерин айтып өз атасына даттанышкан экен. Эркектер сүйлөшүп жатып бири экинчисин түртүп жиберет... Жыгылганы каза табат. Кайындарым менин да камалышым үчүн аеосуз аракет кылышты. Кыздарымды аябай сагындым... Азыр алар атамдын колунда", — деди аял.

Сынактын өнөр тартуулаган бөлүгүндө кара тыпырайган көйнөк кийген кыз залдагыларды өтө таасирлентти. Сахнага чыгып эле колуна микрофон алып, музыкалык коштоосуз ырдай турганы үчүн кечирим сурады. Топтолгондор күчтүү, эч качан мокобогон аял туурасындагы ырды мемирей тыңдап отурушту. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТоптолгондор күчтүү, эч качан мокобогон аял туурасындагы ырды мемирей тыңдап отурушту
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Топтолгондор күчтүү, эч качан мокобогон аял туурасындагы ырды мемирей тыңдап отурушту

— Азамат, сулуу деп ушуну айт! — деп кыйкырды мени менен катар турган аял.
— Кечиресиз, бул кыз эмне үчүн соттолуптур? — деп сурадым.
— Ортогу менен биригип, өз жигитин бычактаган, агезде 18ге гана толгон экен. 25 жылга кесилген... Балким, Кудай буйруп, мунапыска кабылып калар, — деп жооп берди ал.

Сынактын аягында бардык катышуучулар өздөрү тиккен көйнөктөрүн кийип чыгышты. Зал сүрөөнгө алса, сахнадагы кыздар уялыңкы жылмайып турушту. Калыстар тобу бир аз кеңешкен соң кызыл көйнөкчөн кызды жеңүүчү деп жарыялады. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКалыстар тобу бир аз кеңешкен соң кызыл көйнөкчөн кызды жеңүүчү деп жарыялады
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Калыстар тобу бир аз кеңешкен соң кызыл көйнөкчөн кызды жеңүүчү деп жарыялады

Катышуучулардын ар бирине жупуну, бирок зарыл байгелер — чайнек жана шампунь тапшырылды. Эң ажарлуу айыпкер кыз менен болгон маектен соң колониянын кызматкерлери журналисттердин сыртка чыгуусун өтүндү.

Жолугушуулар үчүн жайкы кабинкада үч киши: улгайган аял, камактагы жаш келин жана кичинекей кыз отурат. Эч бири үндөбөйт, наристе кыз апасын бекем кучактап алган, бир аз бошураак кучактаса эле апасы жоголуп кетчүдөй, корккондой түрү бар. Таенеси чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып, кызы менен небересинин жүздөрүн жууй куюлган көз жашты сүртөт...

Жаңылыктар түрмөгү
0