Сауд Аравиядагы этнофестивалга катышкандар канча гонорар алары айтылды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев"Camel Fest" этнофестивалынын катышуучулары. Архивдик сүрөт
Camel Fest этнофестивалынын катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки жылдан тарта бул долбоор менен башка өлкөлөргө да баруу каралган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. "Көчмөндөр ааламы" фестивалын өткөргөн долбоорду өнүктүрүү боюнча Сауд Аравиясы менен 10 жылга келишим түзүлдү. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Дүйнөлүк этнооюндар федерациясынын президенти Аскат Акибаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыздардын оюн-зоогу жөн гана демонстрациялык иш-чара болду. Мындан ары дагы чоң долбоорлор ишке кирет.

Бул фестивалда ар бир катышуучуга 500 доллардан гонорар төлөнгөн. Ал эми спорттук жана маданий бөлүктөрдүн байге фондусуна 200 миң доллар бөлүнгөн.

"Биз 10 күн гана оюн көрсөттүк. Уюштуруучу болгон Сауд Аравиянын Camel Club уюму фестивалды бир ай бою өткөрүп бергиле деп жатат. Кызыгуусу жаралып, катышуучуларды дагы 5 миңден 8 миңге чейин жеткирүүгө кызыктырууда. Келишимдин баасы да жогорулайт. Бизге кайрылганда бир жарым айда 30 өлкөнү чакырып бере аласыңарбы деген. Натыйжада биз 104 мамлекеттин өнөрпоздорун чогултуп бере алдык", — деди Акибаев.

Фестиваль Camel Fest в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Топоз минген кыргыздар, көз күйдүргөн сулуулар... Сауд Аравиядагы ирмемдер
Ошондой эле ал мунун арты менен кыргыздын өнөрпоздорунун да эл аралык деңгээлге чыгуусуна жол ачыларын кошумчалады. Анткени кийинки жылдан тарта бул долбоор менен башка өлкөлөргө да баруу каралган.

Camel Fest фестивалы 9-23-март күндөрү Эр-Рияд шаарында өттү. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөрүн тартуулаган. Ага 2000дей кыргызстандык катышып, "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүштү. Кыргызстандан барган делегацияга атайын 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылган. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0