Бишкекке жаңы жол чырактар коюлат. 18 кесилиштин тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол чырак орнотуп жаткан кызматкер. Архив
Жол чырак орнотуп жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия жарандарды тизме менен таанышып, пикир билдирүүсүн суранат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Быйыл Бишкектин 18 кесилишине жол чырак орнотуу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Тизме жарандардын кайрылуусун жана ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын сунушун эске алуу менен түзүлдү.

Ага караганда, жол чырактар борбор калаанын 18 жерине орнотулат. Мындан сырткары, жөө адамдар үчүн 17 жол чырак мектептерге жакын жерлерге коюлат.

Кесилиштердин тизмеси:

  • Ахунбаев — Куйручук;
  • Ахунбаев — Тыныстанов;
  • Малдыбаев — Сүйөркулов;
  • Жукеев-Пудовкин — Саманчы;
  • Щербаков — Орозбеков;
  • Орозбеков — Саадаев;
  • Сүйүнбаев — Токтогул;
  • Токтогул — Гоголь;
  • Токтогул — Шопоков;
  • Ауэзов — Көлбаев;
  • Москва — Тыныстанов;
  • Дэн-Сяопин — Костанай;
  • Профсоюз — Месарош;
  • Махатма Ганди — Можайский;
  • Садыгалиев — Жамгырчинов;
  • Тыналиев — Миңжылкиев;
  • Уметалиев — Фрунзе;
  • Профсоюз — Кайназарова.

Жөө адамдар үчүн орнотула турган 17 жол чырактын тизмеси менен Бишкек мэриясынын сайтынан таанышыңыздар.

Мындан сырткары, калаа тургундары жол чырактарды орнотуу боюнча коомдук талкууга катыша алышат. Мэрия 0553 013 777 WhatsApp номери боюнча сунуштарды күтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0