ЖКККББ Бишкектин кайсы көчөлөрү жабыларын айта элек. Болжолдуу тизме

Жазылуу
Жолдор президент Владимир Путиндин Бишкекке келишине байланыштуу жабылууда.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Россиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке мамлекеттик сапары менен келгенине байланыштуу кайсы көчөлөр жабыла турганын айта элек.

Басма сөз кызматынан билдиришкендей, маалымат коопсуздукту сактоо максатында жарыяланбайт.

Ведомство буга чейин борбор калаанын бир катар көчөлөрү жабыларын жар салып, бирок тизмесин жарыялаган эмес. Социалдык тармактын колдонуучулары дагы алдын ала маршруттарды пландоо үчүн ушул эле суроону беришкен.

Церемония встречи президента РФ Владимира Путина в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Салам, аскер! Путин Ардак кароол менен кыргызча учурашты. Видео

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчыларынын байкоосу боюнча эртең менен "Манас" аэропортуна кеткен жол, Чүй проспектиси ("Ала-Тоо" аянтынын аймагы) жана мамлекеттик резиденцияга кеткен Манас проспектиси жабылган.

Мындан сырткары, Hyatt отели жайгашкан Абдрахманов көчөсүнө дагы чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Себеби аталган даректе Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференцияга катышат.

Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйыны, "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясы өтөт. Президенттер пресса үчүн биргелешкен билдирүү жасашат. Мамлекеттик сапардын жыйынтыгында 30га жакын документке кол коюлушу күтүлүүдө.

Учурда эмне болуп жатканын билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0