Саякбай манасчы үчүн оор мезгил эле... Залкардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин бул сүрөтү 1964-жылы Ысык-Көлдө тартылган.

Ал жылы жаш режиссер Болот Шамшиев "Манасчы" аталышындагы биринчи тасмасын тарткан.

Ошол учурду СССРдин эл артисти мындайча эскерет:

"Тасманын сценарийин 22 жашымда жазгам. Негизи ал эмгек Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда билим алып жүргөндөгү дипломдук ишим болчу. Каралаевге кайрылганда ал менин тасмага тартуу демилгеме каршы болгон эмес. Ошол маалда манасчы башынан оор күндөрдү өткөрүп жаткан. Уулу Чубак бир баланы бычак менен сайып алып, 14 жылга эркинен ажыратылган эле. Бирок ага карабай, өзгөчө өнөр ээси сунушту түшүнүү менен кабыл алган. Фильм Ысык-Көл облусунун Бостери, Ак-Өлөң, Темир айылдарында бир жылда тартылып бүткөн. Анда жарым миллиондон ашык сапты жатка билген манасчы 70 жашта болчу", — деди Шамшиев.

Даректүү тасма 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, ошол эле жылы Германиянын Оберхаузен шаарындагы эл аралык сынакта баш байгеге татыган. Ал эми кийинки жылы Киевдеги Бүткүл союздук кинофестивалда илимий-популярдуу тасмалар арасында да сыйлыкка ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0