Россияда студенттер үчүн бюджеттик орундун квотасы көбөйүшү мүмкүн

© AFP / FREDERICK FLORINЛекциядагы студенттер. Архив
Лекциядагы студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде билим алуу үчүн 2019-2020-окуу жылында Кыргызстанга 370 орунга квота каралган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун I форумунда россиялык өкүл кыргызстандык абитуриенттерге каралган бюджеттик орунду көбөйтүү тууралуу айтты.

Квота туурасында КМШнын иштери, чет жактагы мекендештер жана эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси Элеонора Митрофанова пикирин билдирди.

"2019-2020-окуу жылында Кыргызстанга 370 орунга квота каралган, бул ушунча сандагы студенттер россиялык жогорку окуу жайларда бекер окуйт дегенди билдирет. Ал эми акысыз билим алуу боюнча 3000 арыз берилген. Келечекте квотанын санын көбөйтүүнү кароо туура болчудай", — деп айтты Митрофанова.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Египет - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз бийлиги Путиндин мамлекеттик сапарынан эмнелерди күтөт
Аталган "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке инвестиция" аттуу I форум Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган.

Форумдун максаты — эки мамлекеттин ортосунда илимий жана билим берүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү.

Форумга Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россиянын агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0