Айдоочу "Коопсуз шаардын" камерасына ортонун көрсөтүп өттү. Сүрөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айып жазылган кагазда автоунаа "Кыргызнефтегаз" ААКына таандык экени жазылат.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында калаага коюлган камералардын бирине ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочунун сүрөтү тартылып калып, ал социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты.

Айдоочунун сүрөтүн kgdaddy аттуу колдонуучу Twitter баракчасына жарыялаган. Андан сырткары, аталган сүрөт мессенджерлерде да тарап жатат.

Протокол толтуруп жаткан ЖКККББ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишенүү кыйын! Акыркы 5 жылда айдоочулардан айып катары бюджетке түшкөн акча
Айып жазылган кагазда Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаа саатына 90 чакырым менен жүрүү керек болгон жерден 117 чакырым менен айдаганы жазылат. Жол эрежесин бузуу Бишкек — Ош жолунун 149-чакырымында катталган. Ага 3 миң сом айып салынган. Айып кагазында автоунаа "Кыргызнефтегаз" ААКына таандык экени жазылат.

Аталган компаниянын коомчулук менен байланышуу адиси Анарбек Жусупов аталган маалымат такталып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0