Окуучуларым ЖРТдан 200дөн ашык упай алат! Адис тест тапшыруунун сырын ачты

© Sputnik / Табылды КадырбековПригородная средняя общеобразовательная школа
Пригородная средняя общеобразовательная школа  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖРТ деген сөз азыр ар бир окуучунун басса-турса оюнан кетпей турган чагы. Бир нече айдан кийин бүтүрүүчүлөр окуу жайга тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп, жыйынтыгына жараша кесип тандайт.

Сураштыра келгенде окуучулар бул "сыноого" ар кандай ыкма менен даярданышат экен. Борбордо жашагандардын көбү атайын даярдоо курстарына барса, элеттегилердин китеп, тесттин колдонмолору менен камынуудан башка жолу жок экен.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бүтүрүүчүлөргө аз да болсо көмөк көрсөтүү максатында ЖРТга даярдоо боюнча "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинин жетекчиси, КРдин эмгек сиңирген мугалими Гүлнара Дайырбекова менен маек курду.

Биз тест тапшырууда эмнелерди эске алуу керек, көбүрөөк упайды кантип алуу керек жана кандай ыкма менен даярдык көрүү натыйжалуу деген суроолорго жооп издедик. 

© Sputnik / Досхан НусупбековКреатив-Таалим билим берүү комплексинин жетекчиси, КРдин эмгек сиңирген мугалими Гүлнара Дайырбекова
Окуучуларым ЖРТдан 200дөн ашык упай алат! Адис тест тапшыруунун сырын ачты - Sputnik Кыргызстан
Креатив-Таалим билим берүү комплексинин жетекчиси, КРдин эмгек сиңирген мугалими Гүлнара Дайырбекова

— Канча убакыттан бери балдарды ЖРТга даярдап келесиздер жана кандай ыкмаларды колдоносуздар?

— Математика мугалими болуп иштегениме 30 жыл болду. Былтыр Кыргызстанда алгачкы ирет кыргыз тилдүү мектеп — "Креатив-Таалим" билим берүү комплексин негиздегем. Ал жакта балдар окутулуп, мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуучу кыска мөөнөттүү окуу курстары уюштурулат. Ошондой эле балдарды жалпы республикалык тестирлөөгө жана предметтик тесттерге — химия, физика, математика, тарых жана англис тили боюнча сабактарга даярдап келебиз. Негизи тестке балдарды окутуу борборго ачылганга чейин эле сегиз жыл мурда даярдап баштагам.

Дене тарбия сабагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө канча дене тарбия мугалими билим берүүнүн мыктысы болгон? Расмий жооп
ЖРТга даярдоо жолдору тууралуу кеп кылсам, балдар үчүн атайын түзүлгөн тесттердин топтому жана видео сабактар бар, ошондой эле интенсивдүү билим берүүнүн негизинде, башкача айтканда, балдардын кабыл алуусун тездетип, тапшырмаларды өздөштүргөнгө жардам берүүгө басым жасайбыз. Жакында эле ЖРТга типтеш материалдар камтылган "Дилгир" аталышында журнал жарык көрдү, бул региондогу балдарга көбүрөөк жардам берет деген ойдобуз.

— Сиздер балдарды даярдоодо жалпы республикалык тестти түзүүчүлөр менен акылдашасыздарбы? Деги эле учурда ЖРТга даярдоо курстары окутуу программасын эмненин негизинде түзөт?

— Бул нерсеге өтө кылдат мамиле жасалат. Жалпы республикалык тестти түзгөн Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борбору бар. Аларда бардыгы жабык жүргүзүлөт, бир да маалымат сыртка чыкпайт. Бирок өз сайтында билимди текшерип көрө турчу тесттер бар. Ошондой эле колдонмолорду чыгарып сатышат. Биз ошол материалдардын негизинде окутабыз. Бирок кандай болсо ошондой көчүрүп койбой, балдарга жөнөкөй ыкмалар менен үйрөткөнгө аракет кылабыз.

Тесттерди өздөрү эле түзүп окутуп жаткан курстар дагы бар. Бирок ал жакта берилгендер тестирлөөдө туш келет деген кепилдик жок. Мындан улам балдарды чаташтырбайлы деп баарын системалаштырдык. Маселен, тестте жазылгандар менен окуу китептериндеги берилгендерди салыштырып, кайсы класстын программасына тиешелүү экендигин аныктайбыз дагы, ошого жараша өзүбүздүн тестти түзөбүз. Бизде ЖРТдеги тест башка, мектептеги тест башка деген тенденция бар. Жок, бирдей эле. Болгону берүү структурасы башкачараак. Мисалы, математика боюнча туюнтмалардын маанилерин тапкыла деп 11-класстын китебинде берилсе, ЖРТда эки туюнтманы берип туруп, маанилерин салыштыргыла деп колонкаларга бөлүп коюп жатышат. Окуучу китепте колонканы көрбөгөндүктөн башкача эсеп келгендей сезет. Биз балдарга ушундай нерселерди түшүндүргөнгө аракет кылабыз.

— Шаарда жашаган балдарда курстар аркылуу тестирлөөгө даярданууга мүмкүнчүлүк бар. Элеттегилердин баары эле борборго бара албай, китеп менен даярданууда. Бул боюнча бүтүрүүчүлөргө кеңеш бере кетесизби?

Учительница средней школы - Sputnik Кыргызстан
"Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын кантип алууга болот? Министрликтин жобосу
— Мындай окуучуларды түшүнүп турам. Окуп даярданам деген каалоосу күч. Сабактарды өз алдынча түшүнүү кыйын, сөзсүз бирөөнүн көмөгү, кеңеши керек болот. Курска барууга мүмкүнчүлүгү жок балдар үчүн бизде видео сабактар бар. Мындан беш-алты жыл мурда жалпы республикалык тестирлөөнү түзгөн Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борбору үчүн математика сабагын айтып берип тартылгам. Ал видеону балдар азыркыга чейин көрүшөт экен.

Жакында эле бизде ай сайын чыга турчу "Дилгир" аталышындагы журнал жарык көрүп, анда ЖРТга даярдана турчу типтеш материалдар камтылды. Маселен, ал жакта бир эсептин үч түрлүү чыгарылышы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, 10 мүнөттүк видеосабак тартылып, журналдын ичине QR-код коюлган. Азыр ар бир балада телефон бар. Кодун ачып, каалаган сабакты көрсө болот. Ушул сабактарды YouTube каналдарга да жүктөсөкпү деп жатабыз. Бирок тасманын сапатына жооп бере албайбыз. Ойдогудай видео тартуу үчүн мыкты жабдылган студия керек эмеспи.

Жакында эле Кочкор районунун окуучулары келип тестке даярданууда кыйынчылыктар болуп жатканын айтышкан. Мен мугалимине сабактарды телефон аркылуу тартып жөнөтө аларымды, кошумча суроолор болсо айтып турушун, бирок видео башка жактарга тарабашы керек экендигин айткам. Балдарга абдан жардам бергим келди. Ошол эле учурда тасмалардын сапатынан санааркадым. Мүмкүнчүлүгүбүз болгондо видеосабактарды тарттырып туруп, Кыргызстандын булуң-бурчуна таратып койсок пайдалуу болот эле. 

© Sputnik / Досхан НусупбековМугалим Дайырбекова: биз жалпы республикалык тестти түзгөн Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борбору жарыялаган тесттердин негизинде даярдалган материалдар менен окутабыз
Окуучуларым ЖРТдан 200дөн ашык упай алат! Адис тест тапшыруунун сырын ачты - Sputnik Кыргызстан
Мугалим Дайырбекова: биз жалпы республикалык тестти түзгөн Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борбору жарыялаган тесттердин негизинде даярдалган материалдар менен окутабыз

— Даярдаган окуучуларыңыз канчадан балл алып жүрүшөт?

— Негизи бизден даярданып кеткен балдардын бардыгынын жыйынтыктары тууралуу сураштырбаптырбыз. Өзүмдүн окуучуларым тууралуу айтсам, №68 мектеп-гимназиясынын окуучусу Бегимай Сабитова алтын сертификат алган. Андан кийинки балдарым 217, 216, 205 балл алып келе жатышат. Кыргыз мектепте окугандар тестти орусча тапшырууга аргасыз болгон учурлар бар. Анткени кыргызча даярдаган балдарым 200дөн ашык бал алганы менен алтын сертификатка жетпей калып жүрдү. Бир кызды орусча даярдап көрдүк эле алтын сертификат алды. Бул жерден бир маселе бар. Мисалы, математика эсеп-сандардан тургандыктан кайсы тилде тапшырсаң да кыйынчылык туудурбайт. Негизги көйгөй кыргыз тили сабагында го деп ойлонуп калдым. Анткени шаардагы балдар кыргызча сүйлөгөнү менен адабий тилде жакшы ойлоно албашы мүмкүн, тесттеги архаизм сөздөрдү да түшүнбөй калышат. Кыргыз тили боюнча түзүлгөн тестти да карап чыгыш керекпи деген ойдомун. Айтылгандар элеттеги кыргыз мектепте окугандарга тиешеси жок. Алар эне тилде так, даана, нукура сүйлөшөт эмеспи.

— Сабакты начар окуган бала курстардын жардамы менен жогорураак балл топтой алышы мүмкүнбү?

Обучение в колледжах Москвы - Sputnik Кыргызстан
Окуучулар үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? Уйкуну умачтай ачкан ЖРТ
— Мүмкүн. Балким бала мектепте окуп жүргөндө ооруп калып сабакка келбей же башка себептер менен түшүнбөй калып, ошондон ары предметке кызыгы тарап кеткендир. Мындайлар кездешет. Бирок алардын кабыл алуусу өтө жакшы болушу мүмкүн. Менин практикамда бир окуя болду. ЖРТга даярдоодо геометрия өтүп жатсам, бир окуучу "мен геометрияны түшүнбөйм, алып кете албайм" деп баш тарткан. Мен алгач окуп көрөлү дедим. Биринчи сабакты өттүм, экинчисин өттүм, анан үчүнчүсүндө мени менен кошо эсеп чыгарып жатканын байкап калдым. Эртеси "сен байкабай эле геометрияны үйрөнүп алдың го" десем, күлөт. Муну менен эмнени айткым келип жатат. Укмуш үйрөтүп жатам дегенден алысмын. Болгону кээ бир учурда балдардын мүмкүнчүлүгүнө жараша кызыктырып жана берип жаткан материалдын көлөмүн көзөмөлдөш керек. Мугалимдин тапшырмасы өтө көп болушу кабыл алуусу жай бала үчүн кыйын эле. Анан дагы бир көйгөй бар, балдардын кабыл алуусун өрчүтүү керек. Көп бала текстти шатыратып окуйт, бирок түшүнгөнүн айтып бере албайт, суроо берсең такалат. Ошон үчүн окуу жана түшүнүү методикасын колдонуу керек. Маселен, жеке мектептерде бул үчүн атайын убакыт берилет.

Суроону жыйынтыктасам, курстар аркылуу даярданса болот. Окуп-даярданам деген бала биринчиден мотивация менен келет, экинчиден мугалимдин окутуу методикасынан да көз каранды.

— Алтын сертификат алган балдардын маегине көз жүгүртсөк, көбү башынан эле жакшы окугандардан экен. Демек, кыска убакытта даярдансаң деле өз деңгээлиңде балл аласың деп айтуу туурабы?

— Албетте. Андай болсо элдин баары эле акыркы эки-үч айда курстан окуп алтын сертификат алып албайбы. "Талыкпаган эмгек кылбай туруп бактылуу болом деген адам үрөн сеппей туруп түшүмдү күткөнгө тете" дейт. 11 жыл ойноп жүрүп алтын сертификат алуу — абсурд. Албетте, жакшы жыйынтыкка башталгыч класстан тарта окуган бала ээ болот. Анткени тестирлөө 5-11-класстын программасынын негизинде түзүлөт. "Багыңан" деген сөз кокусунан эле белгилеп, ал туура келип калганда болот. Бирок ал лотерея билетин уткан сыяктуу канчанын бирине буюрат. Кеп азыр алтын сертификат тууралуу болуп жатат. Негизи аракет кылып даярданып, тиешелүү деңгээлде балл топтоого болот.

© Sputnik / Досхан НусупбековДайырбекова: жакында эле ЖРТга типтеш материалдар камтылган "Дилгир" аталышында журнал жарык көрдү, бул региондогу балдарга көбүрөөк жардам берет деген ойдобуз
Окуучуларым ЖРТдан 200дөн ашык упай алат! Адис тест тапшыруунун сырын ачты - Sputnik Кыргызстан
Дайырбекова: жакында эле ЖРТга типтеш материалдар камтылган "Дилгир" аталышында журнал жарык көрдү, бул региондогу балдарга көбүрөөк жардам берет деген ойдобуз

— Тесттин колдонмолору, китептер даярданууга канчалык деңгээлде жардам берет?

— Бул баланын өзүнүн аракетинен дагы көз каранды. Аркасында чыгарылыштары, жооптору бар китепчелер менен иштөө оңоюраак. Керектүү жерлерин карап алса болот. Азыр ЖРТга даярданууга арналган тесттер арбын. Сатып алып жатканда инструкциясын жакшылап кароо керек. Колдонмо менен тестке даярдык көрүүнү да бир вариант катары карасак болот. 

— Негизи окуучулардын психологиялык даярдыгы да маанилүү болсо керек?

Сабактагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда билим берүү толук акы алмайга өтсө кандай болот? 5 пикир
— Албетте. Психологиялык даярдык эң негизги нерсе. Менин практикамда мындай бир окуя болуп калды. Бир окуучу кыз сентябрдан майга чейин абдан аракет кылып даярданган. Билим сапаты да жакшы эле. Эмнегедир тестинин жыйынтыгы өтө начар болуп калды. Мен дагы капаландым. Энесинин айтымында, кыз жакшы даярданганы менен тест тапшырар күнү коркуп, сарсанаа болуп, башы айланып уктабай чыккан экен. Эртеси да эсептер көзүнө көрүнбөй, тапшыра албай калыптыр. Биринчиден, окуучунун чынында эмне болгонун айтып бергендиги, ата-энесинин түшүнгөндүгү жакшы болду. Кээ бир учурда "курска жибердим эле, эмнеге балл албай калды" деп нааразы болгон ата-энелер бар.

Чындыгында ал жакта түрдүү факторлор роль ойнойт. Баланын мүнөзү, ошол күнкү маанайы, ден соолугу да таасир этет. Бала ЖРТга тапшыруу жашоодогу бир күнкү сыноо экендигин, андан аркы жашоосуна таасир этерин билиши керек. Бирок ушул тесттен өтпөй же жаман балл алып калса, жашоосу ушуну менен бүтүп калбастыгын, турмушта көп сыноолор бар экенин эске алышы кажет. Мындай кырдаалда мектеп психологдору, класс жетекчилер, ата-энелер иш алып барышы керек. Балага ар дайым мотивация зарыл. Мисалы, бизде "сенден эч нерсе чыкпай калды, ушундай эле болосуң" деп шагын сындыргандар бар. Белгилүү жаратман Томас Эдисонду мектептен кем акыл деп чыгарып койсо, энеси ага бир эле кат менен "сенин балаң өтө акылдуу экен, биздин мектеп мындан ары аны окута албайт" деп жооп берип койду эле, келечекте гений болуп чыкты. Көрдүңөрбү, мотивация канчалык роль ойнорун. Баланын ийгилиги мугалимдер менен ата-эненин биргелешкен аракетинен көз каранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0