Раиса Атамбаева уулу экөө Ташкентке эмнеге учуп кетишкени белгилүү болду

© Фото / пресс-служба ЮНИСЕФПервая леди Кыргызстана Раиса Атамбаева
Первая леди Кыргызстана Раиса Атамбаева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партия мурунку биринчи айым Кыргызстанга кайтып келерин белгиледи.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандын экс-биринчи айымы Раиса Атамбаева 24-март күнү уулу Кадыр менен Ташкентке учуп кетти. Соцтармакта тараган маалыматты Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тастыктады.

Анын айтымында, Атамбаеваны Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхан Мирзиёева чакырган.

"Экөөнүн мамилеси жакшы. Раиса Атамбаева менен Зироатхан Мирзиёева дайыма байланышып турушат", — деди Жолдубаева.

Атамбаева Кыргызстанга 28-март күнү келмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0