Путинди күтүп... Мамлекеттик сапар менен келген мейманды кантип тосуп алышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента России Владимира Путина в Кыргызстан
Рабочий визит президента России Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик сапар — визиттердин эң жогорку деңгээлдегиси. Өтө сыйлуу конокту кантип тосуу зарыл, кандай урунттуу учурларды эске алуу абзел, белек-бечкек кандай тапшырылары тууралуу Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуздар.

28-мартта Кыргызстанга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен келмекчи. Макалада тосуп алууга ким барууга тийиш, мамлекеттик сапарлар башка түрлөрүнөн кандай айырмаланары тартиби кеңири камтылды. Ушул жана башка соболдорго жооптордун баары "КР мамлекеттик протоколу жөнүндөгү" мыйзамда жана анын тиркемесинде айтылган. Ага ылайык, бардык сапарлар кабыл алуу мүнөзүнө жараша: мамлекеттик, расмий, жумушчу, жеке жана жол ара деп бөлүнөт.

Кыргызстанга Путин мамлекеттик сапар менен канча ирет келген?

Март айынын соңуна белгиленген сапары — анын биздин өлкөгө жасай турган алгачкы мамлекеттик визити. Кремлдин сайтындагы маалыматтарга таянсак, Россия президенти катары Путин Кыргызстанда тогуз жолу болгон, бирок бир дагы ирет мамлекеттик сапар менен келген эмес.

Мамлекеттик сапар деген эмне?

Мамлекеттик сапар — Кыргызстанга жасалган сапарлардын эң жогорку түрү. Максаты — эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилөө. Ал меймандын президенттик мөөнөтүндө бир жолу жүргүзүлүшү мүмкүн. Жогорку сый-урмат көрсөтүү менен өзгөчөлөнөт.

Кимдер чакыра алат?

Кыргызстандын президенти гана тышкы иштер министринин сунушунан кийин чакыра алат. Кеминде алты ай мурун макулдашылат. Жылына Кыргызстан мамлекеттик сапарды экиден көп кабыл албайт.

Сапар качан башталат?

Сапардын кандай түрү болбосун, жогорку даражалуу меймандын (делегациянын) учагы аэропортко конгондон тарта башталат.

Ким тосуп алат жана тосуу аземи кандай өтөт?

Президент РФ В. Путин ответил на вопросы журналистов - Sputnik Кыргызстан
Путин Бишкекке келгенде үч негизги маселе талкууланат
Чет өлкөлүк конокту аэропортто тышкы иштер министри, меймандын өлкөсүндөгү Кыргызстандын элчиси, КР ТИМдин Мамлекеттик протокол департаментинин директору, ошондой эле меймандын мамлекетинин, бул ирет Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси тосуп алат.

Тосуу салтанаты өткөн жерге эки өлкөнүн үчтөн желеги илинет. Ардактуу күзөт катарга тизилет. Мында мамлекеттик гимндер аткарылбайт. Жогорку даражалуу мейман өтүүчү жолдо эки өлкөнүн туусу жана алардын тилдеринде жазылган куттуктоо транспаранттары илинет.

Негизги меймандын унаасына анын өлкөсүнүн желеги (же анын штандарты) орнотулат, жети мотоциклчендин эскорту коштойт.

Мамлекеттик сапар кандай иш-чаралардан турат?

Тар жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөр, документтерге кол коюу, басма сөз жыйыны, гүлчамбар коюу, ошондой эле расмий кабыл алуу болот. Мындан тышкары, бөлөк иш-чаралар да каралышы мүмкүн, маселен, театрга барышы ыктымал.

Меймандар кайда жайгаштырылат?

Мейман жана расмий делегациянын мүчөлөрү адатта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашат. Резиденциянын үстүнө меймандын өлкөсүнүн туусу (штандарты) көтөрүлөт.

Коноктор кандай унааларда жүрөт?

Мамлекеттик сапар маалында меймандостук форматына негизделип, кыргыз тараптан төмөнкү автотранспорттор бөлүнөт:

  • VIP-автомашина + резерв;
  • расмий делегациянын мүчөлөрү үчүн өкүлчүлүк классындагы 2 автомашина же 1 чакан автобус (тандоосу боюнча);
  • протокол үчүн бир автомашина;
  • күзөтчүлөр үчүн үч автомашина;
  • мартабалуу меймандын жүгү бир чакан автобуста ташылат;
  • үч унаа коштойт;
  • жогорку даражалуу мейманды тосуу жана узатууда мотоциклчендердин эскорту.

Башка автотранспорттук каражаттардын саны кыргыз тараптан өз ара мамиле принциптеринин негизинде бөлүнүшү мүмкүн.

Тосуп алуу расмий салтанаты кандай өтөт?

Открытие учений ШОС Мирная миссия-2016 - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Кыргыз-россиялык конференцияга 800 делегат келет
Чет мамлекеттин башчысын унаадан түшөрдө Кыргызстандын президенти тосуп алат. Кыргыз тараптан Жогорку Кеңештин төрагасы, өлкөнүн премьер-министри, тышкы иштер министри, өкмөт мүчөлөрү жана Бишкектин мэри катышат. Чет элдик элчилер, расмий делегациянын мүчөлөрү жана ЖМК өкүлдөрү чакырылат. Меймандын өлкөсүнүн жергиликтүү диаспорасынын өкүлдөрүнүн да катышуусуна жол берилет. Жолугушууда ардактуу күзөт тизилет, эки мамлекеттин туулары илинип, гимндери аткарылат.

Сүйлөшүүлөр кандай жүргүзүлөт?

Чет мамлекеттин башчысы менен тар жана кеңири курамдагы негизги сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын президенти алып барат. Кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн форматы эки делегациянын курамына жана күн тартибине жараша аныкталат.

Документтерге кол коюу жана басма сөз жыйыны

Документтерге кол коюу каадасына эки тараптын тең делегация мүчөлөрү ЖМК өкүлдөрү жана сапардын программасына жооптуу болгон расмий адамдар катышат.

Андан соң ошол эле залда басма сөз жыйыны өткөрүлөт.

Гүлчамбар коюу аземи

Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир ай! Россияда иштеген кыргызстандыктарга "миграциялык мунапыс" берилет
Мамлекеттик сапардын элементтеринин бири — Жеңиш аянтына же "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу, Ардактуу күзөт ротасы жана аскердик оркестр катарга тизилет. Аскерлер салтанаттуу музыканын коштоосунда гүлчамбар коюшат. Жогорку даражадагы мейман гүлчамбардын жанына келип, анын тасмасын түздөйт. Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин (мыйзамда "тымтырс туруу" деп белгиленген) мартабалуу мейман кортежине карай басып, жөнөп кетет.

Гүлчамбар коюу аземине кыргыз тараптан Бишкек шаарынын мэри жана Ардактуу күзөт ротасынын командири, ал эми чет мамлекет тараптан өтө сыйлуу мейман жана расмий делегациянын мүчөлөрү катышат.

Расмий кабыл алуу боюнча ийне-жибине чейинки маалыматтар

Кыргызстандын президентинин атынан жүргүзүлөт. Расмий кабыл алуу таңкы тамак түрүндө (11.00дөн 15.00гө чейин) же түшкү тамак убагында (18.00дөн 22.00гө дейре) "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөрүлөт. Дасторкон четинде сөздөр да сүйлөнүшү каралган. Демейде расмий кабыл алуу форматы "1+25" формуласы менен аныкталат (президент жана делегациясынын 25 мүчөсү). Бирок бул формула өзгөрүшү мүмкүн.

Белектер жана аларды ким тапшырат?

Кыргызстандын президентинин атынан чет мамлекеттин башчысы жана делегациянын мүчөлөрү эстеликке белек алышат. Алар Мамлекеттик протокол департаменти аркылуу тапшырылат.

Жогорку даражадагы мейман кандай узатылат?

Неформальная встреча президента КР Сооронбая Жээнбекова и главы РФ Владимира Путина в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Путин менен жолугушуунун пайдасын айтып берди
Узатуу салтанаты да тосуп алуу аземине окшош тартипте. Кыргызстандын тышкы иштер министри, меймандын өлкөсүндөгү Кыргызстандын элчиси, КР ТИМ Мамлекеттик протокол департаментинин директору узатат. Ошондой эле меймандын өлкөсүнүн, бул жолу Россиянын Кыргызстандагы элчиси узатуу каадасына катышат. Ар бир өлкөнүн үчтөн желеги илинет, Ардактуу күзөт ротасы катарга тизилет. Гимн узатууда аткарылбайт.

Мамлекеттик сапар менен расмий сапардын айырмачылыгы эмнеде?

Расмий сапарда сый көрсөтүү азыраак. Мисалы, үч туу эмес, эки гана желек илинет. Аэропортто ТИМ жетекчиси эмес, өкмөттүн каалаган бир өкүлү тосуп алат. Расмий жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышпайт. Жөнөкөй сөз менен айтсак, расмий сапар — мамлекеттик сапардын кыскартылган түрү.

Жаңылыктар түрмөгү
0