07:29 23 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7961
  • EUR77.4597
  • RUB1.0636
Жол кыймылы коопсуздугун кызматкерлери. Архив

"Сосновка" постунан кызды ой-боюна койбой ала качып бараткандар кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
521 0 0

Куткарылган кыз ала качкандарга каршы арыз жазды.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Автоинспекторлор ала качууга туш болгон кызды жолдон алып калышты. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 23-март күнү саат 16:00дөр чамасында болгон.

"Инспекторлор уурдалган Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны издеп жаткан. Бишкек — Ош трассасынын 80-чакырымында милиция кызматкерлери аталган үлгүдөгү унааны токтотуп, машинанын документтерин сурашкан. Инспекторлордун бири унаага жакындап келгенде жардам сураган кыздын үнү угулган. Аны унаадан чыгарууга аракет жасаганда ичиндеги кишилер каршылык көрсөткөн", — дешти милициядан.

Акыры укук коргоочулар кызды кайгуул күзөт унаасына салышкан. Бирок ала качууга аракет жасаган жигиттер милициянын ишине тоскоолдук жаратып, кызды унаадан чыгарып кетүүгө аракет жасашканы айтылды.

Жерине Жайыл РИИБинин өкүлдөрү чакырылып, алар жети кишинин өздүгүн тактап, протокол түзүү үчүн милицияга алып кетишкен. Ал эми куткарылган кыз жигиттерге каршы арыз жазган.

Чүй ОИИБден билдиришкендей, кармалгандар кызды ошол эле күнү саат 14:00дө Жибек Жолу проспектиси менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинен ала качышкан. Кыз жети кишинин экөөсүн гана тааный турганын билдирген.

Автоинспекторлор кылмыш ишин козгоо үчүн топтолгон материалдардын бардыгын тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришти.

Тема боюнча

Кыз ала качкандар эми кантип жазаланат? ИИМ жаңы мыйзам долбоорун сунуштады
Белгилер:
кылмыш, кыз ала качуу, милиция, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ