Эртең борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө суу болбойт. Тизме

© AFP / VOISHMELСуу куюп жаткан адам. Архив
Суу куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таза суу эртең мененки саат 10.00дөн 15.00гө чейин берилбейт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Эртең, 26-мартта, Бишкектин айрым бөлүктөрүндө таза суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, суу эртең мененки саат 10.00дөн 15.00гө чейин жок болот.

Суу берилбей турган аймактар:

  • Шабдан баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен аймак;
  • №99 лицей;
  • "Нур" ААКы;
  • "Алеша" Жабык типтеги акционердик коому;
  • "Бишкек-Нан" ААКы;
  • "Завод "ДСМ" АКcы;
  • "Ак-Марал Дизайн Сервис" корпорациясы;
  • Транспорт башкармалыгы;
  • №3 базадагы Бишкек жүргүнчүлөрүнүн автотранспорт ишканасы;
  • Бишкек автоучкомбинат;
  • КыргызАвтоВАЗ;
  • "Дасмия" рестораны;
  • Чүйдөгү жогорку вольттук электротармактар ишканасы (ЧуПВЭС);
  • "КТИ Агромаш" АКы;
  • "Медиафарм" АКы;
  • "Кыргызмедтехника" ЖЧКсы;
  • Саламаттык сактоо департаментинин автобазасы;
  • Илим жана бизнес эл аралык университети ("Электротехник" АКынын имаратындагы);
  • Горький №1 "а" дарегиндеги типография (Мегамедиа);
  • "Эсептөөчү техника жана автоматизация каражаттары" аттуу кыргыз филиалынын ЖЧКсы;
  • "Айдан-фарма" ЖАКы;
  • "Автобытсервис" АКы;
  • Байпак чыгарган фабрика;

"Бишкексууканал" башкармалыгы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0