Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды

© Видео / Батырбеков МаксатCamel Fest фестивалынын катшуучучу Улукбек Өмүрбеков
Camel Fest фестивалынын катшуучучу Улукбек Өмүрбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улукбек Өмүрбеков башында турган төрт жигит Camel Fest фестивалына катышып кыргыздын эр сайыш өнөрүн даңазалашты. Эрендердин ат үстүндө ойногонун көргөн арабдар аларды жомоктогу каармандарга салыштырыптыр.

9-мартта башталган Сауд Аравиядагы Camel Fest этнофестивалы жыйынтыкталды. Ага катышкан кыргыз өнөрпоздору ат жалында шамалдай ойноп, тайган ээрчитип, бүркүт салып, оюн-зоогун көрсөтүп көчмөндөрдүн жашоосун дүйнө элине таанытты.

Эр сайыш федерациясынын президенти Улукбек Өмүрбеков фестивалдын коноктору ат оюндарына көбүрөөк кызыкканын айтат. Кызыкмак тургай, аравиялык бир шейх 9 жаштагы уулун эр сайышка чыгууга үйрөтүп берүүсүн сураныптыр.

© Фото / Улукбек ОмурбековКыргызский каскадер, участник фестиваля Camel Fest в Саудовской Аравии Улукбек Омурбеков
Улукбек Өмүрбеков башында турган төрт жигит Camel Fest фестивалына катышып кыргыздын эр сайыш өнөрүн даңазалашты. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Улукбек Өмүрбеков башында турган төрт жигит Camel Fest фестивалына катышып кыргыздын эр сайыш өнөрүн даңазалашты.
© Фото / Батырбеков МаксатКыргызский каскадер, участник фестиваля Camel Fest в Саудовской Аравии Улукбек Омурбеков
Эрендердин ат үстүндө ойногонун көргөн арабдар аларды жомоктогу каармандарга салыштырыптыр. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эрендердин ат үстүндө ойногонун көргөн арабдар аларды жомоктогу каармандарга салыштырыптыр.
1/2
Улукбек Өмүрбеков башында турган төрт жигит Camel Fest фестивалына катышып кыргыздын эр сайыш өнөрүн даңазалашты.
2/2
Эрендердин ат үстүндө ойногонун көргөн арабдар аларды жомоктогу каармандарга салыштырыптыр.

— Алгач эр сайыш тууралуу айта кетсеңиз, оюндар кандай өттү?

— Эр сайыш илгертен келе жаткан оюн. Эки жоо кез келип калганда бирден баатырды эр сайышка чыгарышкан. Биз да ошол ирмемди көрсөтүп жатабыз. Командада төрт жигит бар, бири-бирин аттан кулатып, ооп калып жана сүйрөлүп бараткан учурлар чагылдырылат. Ошондой эле атты чаап баратып бутага 1,5 метрлик найзаны саябыз. Биз "Көчмөндөр ааламы" фестивалынын ачылуу жана жабылуу аземинде оюн көрсөттүк.

— Аттарды ошол жактан алдыңар да, үйрөтүү кыйын болгон жокпу?

— Алардыкы сырттан караганда келишимдүү көрүнөт. Бирок үйрөтүү боюнча арабдар кыргыздарга жетпейт экен. Биздин аттар акылдуу болот, жөнөкөй эле мисал, "чү" дегенде басат, темингенде чуркайт, тизгинин тартсаң токтойт. Аравиянын аттары оозун тартсаң буйдалактап, капталга секирип кетет. Бир жолу оозун катуу тарта койсом чалкасынан түшүп мени басып калды. Башында ушул жагы бир аз кыйынчылык жараткан. Оюнга чыкканда баш бербей, анча-мынча жерде уят кылып койду. Ошого карабай биздин жигиттер таңдан кечке минип үйрөтүп, акырында ойдогудай жүрүп калды.

— Эр сайыш оюнун чет элдиктер кандай кабыл алышты?

— Даярдык учурунда бир-эки шейх келип көрүп жаткан. Оор басырыктуу кишилер экен, олуттуу болуп отурушкан. Биздикилер бири найза уруп, экинчиси кулап, дагы бири бутага найза сайып баштаса, жанагы шейх эмоциясын жашыра албай отуруп-тура калып, телефонго тартып жаш баладай сүйүнүп жыргап калды. Бир ордунда отура албай ары-бери чуркап көрүп жатты. Аягында балдар менен учурашып сүрөткө түшүп, кызыктуу оюн болгонун, аларга абдан жакканын жана жомоктогу каармандардай эле элестетип жатышканын айтышты. Бирөөсү "9 жаштагы баламды берейин, өзүңөргө окшотуп үйрөтүп бергиле" деп суранды.

Ал эми фестивалдын ачылыш, жабылыш аземинде көпчүлүк ордунан тура калып кол чаап, кызыгуу менен көрүштү. Айрымдары трибунадан эле көрбөстөн эркек, аял, бала дебей, ипподромдун арт жагына келип алышыптыр. Артыбыздан ээрчип сүрөткө тартып, кол көтөрүп жылмайып турушту. Оюндан кийин кыргыздарга жылуу мамиле жасап, сый-урмат көрсөтүп жатышты. Муну ушундан билсек болот, бир жерге барганда кыргыз экениңди билсе, кофе алып берип, төө минип кыдыруу, тир атуу, гид кызматтарын акысыз көрсөтүп жатышты.

© Фото / Батырбеков МаксатУлукбек Өмүрбеков: чыныгы эр сайышта бирөө жаракат алган, өлүп калган учурлар болгон. Биз көргөзмө оюн катары алып чыгабыз.
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Өмүрбеков: чыныгы эр сайышта бирөө жаракат алган, өлүп калган учурлар болгон. Биз көргөзмө оюн катары алып чыгабыз.

— Жанагы "баламды эр сайышка чыгууга үйрөтүп бер" деген шейхке эмне деп жооп бердиңиздер?

— "Балаңыз Кыргызстанга барсын, үч айда машыктырып жиберебиз" дедик. Алар "мындай оюнду дагы кайсы жерден көрөбүз?" деп сурашты. Эки-үч айдан кийин Кыргызстанда жогорку деңгээлде эр сайыш боюнча фестиваль өткөрүүнү пландап жатканбыз. Ошого чакырсак, "алдын ала кабарлап койгула, сөзсүз барабыз" дешти. Ошондо баласын ала келеби же биринчи өзү келип көрүп кетеби, билбейм, ошондон кийин чечилет.

Кийинчерээк ошол шейх "кыргыздардын маданияты, ат үстүндө жүргөнү жакты, ат силер үчүн жаралган турбайбы" деп ыраазы болду. Менден жардам болсун деп 49 кишинин чыгымын төлөп Умрага алып барып келди.

— Эр сайыш канткен менен опурталдуу оюн, жаракат алгандар болбойбу?

— Чыныгы эр сайышта бирөө жаракат алган, өлүп калган учурлар болгон. Биз көргөзмө оюн катары алып чыгабыз. Кулаганы, сүйрөлө турганы, найза сая турганы алдын ала даярданат да. Кудай сактасын, бизде мындан жаракат алгандар болгон эмес.

— Эр сайыш өнөрү менен канча убакыттан бери алектенесиз, буга кантип кызыгып калдыңыз?

— Эр сайышка үч жыл мурун келгем, оюндарга чыгып баштаганыма эки жыл болду. Жусуп Мамайдын "Манас" китебин окуп чыгып эр сайыштын эрежелерин үйрөндүм. Бала кезимде да чоң атам "Манас" окуп бергенде кырк чоронун баатырдыгы, эрендердин эр сайышка түшкөнү кадимкидей эсимде калыптыр. Манасты угуп уктачумун. Ошондон уламбы, мага бул оюн жагып, кызыгып калгам. Өзүм Нарын облусунун Ат-Башы района караштуу Ак-Моюн деген айлында туулгам. Учурда Бишкекте Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясында улук методист болуп иштейм. Учурда Эр сайыш федерациябыз "Кыргыз Жаш-Күч" коомдук бирикмесинин демилгеси менен чыгып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0