Аутист балдардын ата-энелери КРге адистерди чакыруу үчүн каражат издеп жатат

© Sputnik / Мария Алексеева / Медиабанкка өтүүЦентр социальной реабилитации "Турмалин"
Центр социальной реабилитации Турмалин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрымдуулук акциясынан топтолгон каражат чет элдик адистерди чакырууга сарпталат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелери Кыргызстанга чет өлкөлүк адистерди чакырууну пландап жатат. Бул тууралуу "Аутизм Победим KG " коомдук фондунан кабарлашты.

Предприниматели 19 летний Омурбек с матерью Замирой Мирзамидиновой - Sputnik Кыргызстан
Аутист Өмүрбектин апасы: уулум экөөбүз ишкерлик баштадык, сыры жөнөкөй
2-апрель — аутизм көйгөйү тууралуу маалымат жайылтуу дүйнөлүк күнүнө карата фонд демилгелүү ата-энелер менен биргеликте бир катар кайрымдуулук иш-чараларын өткөрөт.

Программага ылайык, атамекендик шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусунда 2-апрель күнү саат 18.30да (билетти фонддон алууга болот) "Асанбай" арт-борборунда концерттик программа өтөт. Ал эми 13-апрелде Футбол федерациясынын колдоосу менен спорттук иш-чара уюштурулат.

Фонддун негиздөөчүсү Анара Даниярова кыргызстандыктардын бардыгы аутизм эмне экени боюнча маалымдар болсо деген пикирде.

"Ал эми аутизм менен жабыркаган баласына кантип жардам берерин билбеген ата-энелер корунуп, уялып, жашынбастан жардам алса. Концерттен түшкөн акчага чет элдик адистерди чакырууну пландап жатабыз. Алар бизге кеңеш берип, балдарга жардам берсе жакшы болмок", — деди Даниярова.

Мындан сырткары, аутист балдардын катышуусу менен үй-бүлөлүк спорттук эстафета уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0