Борбор калаанын 53 көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Тизме

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATПроблема с электричеством в Марселе
Проблема с электричеством в Марселе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясын өчүрүүнүн себеби электр түйүндөрү менен тетиктердин ишин жакшыртуу экендиги айтылды.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар бөлүктөрүнө 22-мартта электр кубаты берилбейт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09.00-17.00 — Жунусалиев, Горький, Карасаев, Белоруссия көчөлөрүнүн бир бөлүгү менен Майкоп туюк көчөсү;
  • 09.00-18.00 — Алтын-Ордо жаңы конушу (Субан-Ата, Виноградный көчөсүндө) менен Сүйүнбаев көчөсү (№14 үйдө);
  • 09.30-12.00 — Көк-Жар жаңы конушу (Коңорчок, Куйручук, Көк-Жар, Чар, Кулмурзаев, Арстанбап, Керемет, Молдакунов, Көк-Жайык көчөлөрүндө);
  • 09.30-13.00 — Бакай-Ата жаңы конушу (Нооруз, Чубак, Анар, Ак-Уул көчөлөрүндө);
  • 09.30-18.00 — Көлмө (Мидин, Республика, Коммунар, Алтын-Бешик, Азаттык, Долон, Максат, Мыскал, Кулиев көчөлөрүндө) жана Чоң-Арык айылында (Кожобергенов, Түндүк, Семетей, Мусулманкулов, 50 лет Победы көчөлөрү менен Айтматов проспектисинде);
  • 10.00-12.00 — 5-кичирайонундагы 60, 63/1 үйдө;
  • 10.30-13.00 — 7-кичирайонундагы 21-27-үйдө жана Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү 150-үйдө;
  • 12.00-15.00 — Ахунбаев, Шүкүров, Жантөшев, Кара-Дарыя, Муса Жалил, Кантемир, Ялта, Шайыр, Салиев, Садов көчөсү менен Ясенск, Ак-Буура туюк көчөсүндө;
  • 15.00-17.00 — Кара-Жыгач жаңы конушу (Горький, Анкара, Бегматов, Дордой, Достоевский көчөлөрүндө).

Кызматкерлер электр түйүндөрү менен тетиктерди ишин жакшыртуу жумуштарын аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0