Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность МП "Тазалык" в Бишкеке
Деятельность МП Тазалык в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек менен Ош шаарларында абанын температурасы дээрлик бирдей болот.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 22-мартта өлкөнүн тоолуу аймактарында карга айланган жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +13... +18, Таласта +15... +17, Нарын жергесинде +5 ... 10, Ысык-Көл өрөөнүндө +9... +14 градус жылуу болушу күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы +15... +20 градуска көтөрүлөрү болжолдонду.

Ал эми Ош шаарында +13 ... +18 градус жылуу болсо, Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +16... +18 градусту көрсөтүп турары айтылды

Жаңылыктар түрмөгү
0