Ак-Суу райондук балдар үйү быйыл 16-жолу элге сүмөлөк таратууда

© © SputnikПразднование Нооруза 2019 в Ак-Суу
Празднование Нооруза 2019 в Ак-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган балдар үйүндө 3 жаштан 18 жашка чейинки балдар-кыздар тарбияланат.

БИШККЕ, 21-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан 38 бала тарбияланып жаткан балдар үйү быйылкы Ноорузду кошкондо 16 жыл катары менен сүймөлөк кайнатты.

Аталган жайдын башчысы Жеңишкүл Ниязованын айтуусунда, алар 16 жылдан бери сүмөлөк кайнатып, Ноорузда район борбору Теплоключенко айына майрамдоо үчүн чыккан элге тартуулап келет. 

© © Sputnik Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан 38 бала тарбияланып жаткан балдар үйү быйылкы Ноорузду кошкондо 16 жыл катары менен сүймөлөк кайнатты
Ак-Суу райондук балдар үйү быйыл 16-жолу элге сүмөлөк таратууда - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан 38 бала тарбияланып жаткан балдар үйү быйылкы Ноорузду кошкондо 16 жыл катары менен сүймөлөк кайнатты

"Сүмөлөк Нооруздагы эң негизги даам эмеспи. Уламыш боюнча ал жесир аял балдарынын курсагы ачканда 41 ташты, буудайды сууга кайната берип, эртеси ойгонсо, баягы таштар таттуу тамакка айланып калганы айтылган. Биз дагы жалпы жамаат балдар менен бирге жакшы тилектерди айтып, кайнатабыз. Кечээ эртең мененки саат сегизден кечки саат сегизге чейин кайнатып, жаап койдук. Нооруз тазалануунун, кайра жаралуунун, жаңылануунун майрамы. Бизде Ноорузда дайыма жакшы тилек менен сүмөлөктү элге таратуу салт болуп калган", — деди Ниязова.

Учурда аталган балдар үйүндө 3 жаштан 18 жашка чейинки 38 бала тарбияланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0