Ош: май куюучу жайда жарылуу болгону айтылууда, бир киши жабыркады

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшПострадавший во время взрыва на АЗС в городе Ош
Пострадавший во время взрыва на АЗС в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөр күйүүчү май куюучу жайда жарылуу болгонун айтууда, ал эми ӨКМ өрт чыкканын билдирген.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы күйүүчү май куюучу жайдан чыккан өрттөн бир киши жаракат алып ооруканага жеткирилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жабыркаган 59 жаштагы киши Облустар аралык оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылып, абалы орто экени айтылат.

Буга чейин калаанын Түштүк-Чыгыш кичирайонуна кире бериштеги Oktan Service аталышындагы күйүүчү май куюучу станциядан өрт чыкканы кабарланган.
Окуянын күбөлөрү жерине барган кабарчыга өрттөн мурун жарылуу болгонун айтышууда. Мындан улам жанындагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин терезелери сынып кеткен.

Өрт тууралуу 101 кызматына саат 20.16да чакыруу түшкөн. Тилсиз жоо менен кармашууга жети өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 22.10до чектөөгө алынды.

Ал ортодо Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев кырсык болгон жерге барып калаадагы май куюучу жайлардын коопсуздугун текшерип чыгууга тапшырма бергенин маалымат кызматы билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПожарный расчет на месте взрыва на АЗС в городе Ош
Ош шаарындагы күйүүчү май куюучу жайдан чыккан өрттөн бир киши жаракат алып ооруканага жеткирилди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош шаарындагы күйүүчү май куюучу жайдан чыккан өрттөн бир киши жаракат алып ооруканага жеткирилди
© Sputnik / Зульфия ТургуноваРазбитые окна из-за взрыва на АЗС в городе Ош
Окуянын күбөлөрү жерине барган кабарчыга өрттөн мурун жарылуу болгонун айтышууда - Sputnik Кыргызстан
2/3
Окуянын күбөлөрү жерине барган кабарчыга өрттөн мурун жарылуу болгонун айтышууда
© Sputnik / Зульфия ТургуноваРазбитые окна из-за взрыва на АЗС в городе Ош
Мындан улам жанындагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин терезелери сынып кеткен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мындан улам жанындагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин терезелери сынып кеткен.
1/3
Ош шаарындагы күйүүчү май куюучу жайдан чыккан өрттөн бир киши жаракат алып ооруканага жеткирилди
2/3
Окуянын күбөлөрү жерине барган кабарчыга өрттөн мурун жарылуу болгонун айтышууда
3/3
Мындан улам жанындагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин терезелери сынып кеткен.

Мэр андан кийин жаракат алган кишинин абалын сураганы ооруканага барганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0