Бала сатты делген гинекологдор: ымыркайлар жашап жатат деген 6 бүлө текшерилди

Жазылуу
Балдар ушу тапта Бишкек, Балыкчы жана Сокулукта жашаган үй-бүлөлөрдө.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Балдардын сатылышы боюнча козголгон иштин алкагында ымыркайлар жашап жатат делген алты үй-бүлө текшерилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлзина Бообекова сотто айтты.

Процесс Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өттү. Айыпталып жаткан жети дарыгердин үчөө үй камагында.

Кукла. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жаңы төрөлгөн ымыркайды каналга ыргытып жиберген дарыгер. Гинекологдордун соту
Белгилей кетсек, былтыр 7-сентябрда Бишкекте бала сатууга жана мыйзамсыз аборт жасоого шектелип бир нече гинеколог кармалган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин булагынын айтымында, дарыгерлер №1 жана №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жана №4 төрөт үйүндө иштегендер болуп чыккан.

Фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 116 ("Мыйзамсыз аборт жасоо"), 124 ("Адам сатуу") жана 350-беренелери ("Документ жасалмалоо") боюнча иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө бала сатууга чет элдик жарандардын тиешеси жок экени аныкталган. Сатып алгандардын баары - Кыргызстанда төрөлүп Россия жарандыгын алгандар. Акыркы отурумда документ жасалмалаган деп айыпталып жаткан эки медик күнөөсүн мойнуна алган.

"Ички иштер министрлиги бул иш боюнча ымыркайлар мыйзамсыз жашап келген алты үй-бүлөнү текшерүү тапшырмасын берген. Алар Балыкчыда, Бишкекте жана Сокулукта жашай турганы белгилүү болду. Бул адамдардын баарынын тең балага документи, башкача айтканда, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же камкордукка алганы жөнүндө документи болгон эмес. Укук коргоо органдары бул балдар сатылганын болжолдошкон", — деди Бообекова.

Министрликтин өкүлү анын милдетине балдардын жашоо шартын текшерүү гана кирерин белгиледи. Натыйжада ымыркайлардын шарты жакшы экени айтылып, ошол үй-бүлөлөрдө калтыруу чечими кабыл алынган. Бообекованын айтымында, балдарды багып жаткандардын айрымы ымыркайларды сатып алганын, кээси эшигинин алдына таштап кеткенин айткан. Эми ал бүлөлөрдүн баары соттун чечими менен багып алууну документтештириши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0