Нооруз күнү Бишкектин бир нече көчөсү жабылат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековПерекрытие площади Ала-Тоо для подготовки к празднованию Нооруза
Перекрытие площади Ала-Тоо для подготовки к празднованию Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын чок ортосунда бир катар майрамдык иш-чаралар өтмөкчү.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата 21-март күнү бир нече көчө жабыла турганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Фотовыставка Национальные головные уборы на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Баш кийимдердин ажайып сүрөттөрү "Ала-Тоо" аянтын көрккө бөлөдү
Маалыматка ылайык, Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин тосулат. Киев көчөсүнөн баштап Абдымомуновго чейинки Орозбеков, Раззаков, Панфилов көчөлөрү жол кыймылы үчүн жабык болот. Мындан тышкары, "Ак-Кула" ипподрому жайгашкан Термечиков көчөсү Гагаринден Лев Толстойго чейин жабылмакчы.

Майрамдан улам шаар милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөнү айтылган.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында кандай иш-чаралар өтөрүн да билип алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0