Казакстанды 30 жылга чукул башкарды... Нурсултан Назарбаев тууралуу 15 факты

© AP Photo / Sergei BondarenkoПрезидент Казахстана Нурсултан Назарбаев
Президент Казахстана Нурсултан Назарбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын 19-мартында президенттиктен кеткенин жарыялады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги боордош элдин ажосу Назарбаев тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

28 жыл Казакстанды башкарган. Нурсултан Назарбаев 1991-жылдан бери Казакстан Республикасынын президенти болуп келген. 2019-жылы 19-мартта президенттиктен кеткенин жарыялады. https://sputnik.kg/asia/20190319/1043695201.html

Борбор калаа менен чогуу майрамдалган туулган күн. 6-июль - Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү жана Астана шаарынын күнү. Ал эми тун кызы Дарига Назарбаеванын жарыкка келген күнү, 7-май,  Казакстанда Мекенди коргоо күнү майрамдалат.

Видео заявления Нурсултана Назарбаева об отставке - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүү Казакстанды сактагыла! Назарбаевдин отставкага кетишин жар салган видео
Болочок президент 5 килограмм салмак менен төрөлгөн. Нурсултан деген ысымды ага чоң энеси ыйгарган.

Бала кезинде учкуч болууну кыялданган. Мектепти бүткөндөн кийин химик болууну ойлонгон.

22 жашында биринчи жолу чет мамлекетке чыккан, болгондо да Финляндияга барган.

Жогорку билимдүү. Эмгек жолун 1960-жылы "Казметаллургстрой" ишканасында баштаган. 1990-жылы февралда Казак ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. 1991-жылы Казакстандын тунгуч президенти болуп шайланган.

1989-жылдан бери Казак Республикасынын биринчи адамы. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен президенттик эки чылбыр, бир тизгинди узактан бери колунан түшүрбөй келе жаткан ажо.

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин улуу баласы Айдар менен Нурсултан Назарбаевдин 18 жаштагы кызы Алия 1998-жылы баш кошуп, кыргыздар менен казактар куда болуп жатып калышкан. Бирок 2001-жылы жубайлар эки ача жолго түшкөн.

Элчилик милдетти аткарган "Елбасы". Россия лидери Владимир Путин Назарбаевге былтыр салкындап кеткен Россия — Түркия мамилесин кайрадан жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген. Ортодогу мамиле Түркия 2015-жылдын аяк жагында Сириянын аймагында Россиянын Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин бузулган.

Президент сергек жашоо образына үгүттөйт. Спорттун теннис, гольф, лыжа тебүү, күрөш түрү боюнча чебер. Өз кезегинде Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин менен теннис боюнча бир столдо өнөктөш болгон. Андан бери бир топ дүйнөлүк лидер, ишкерлер менен эл аралык мелдештерде күч сынашып, тажрыйбасы менен бөлүшүп турат. Казакстанда жыл сайын президенттин Кубогу үчүн теннис турнири өткөрүлөт.

"Эл башынын" үй-бүлөсү чыгармачылыкка жакын. Өзгөчө апасы Алжан Назарбаева жакшы ырдаган. Назарбаев бош убактысында домбурада ойноп, обон созот. Үч ыр жаратып, Казакстандын гимнин жазгандардын бири.

IV Международный форум выпускников МГИМО в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президентинин милдетин ким аткара турганы белгилүү болду
Назарбаевдин эстелиги Алматыдагы президенттик паркта, Кыргызстандын Чолпан-Ата шаарында, аны менен барельеф Астанада, Украинада, Анкарада бар.

Назарбаевдин аты Иорданиянын, Түркиянын, Чеченстандын, Казань шаарынын көчөлөрүнө коюлган. Чеченстан республикасындагы лицейге аты ыйгарылган. Казакстандагы университет, мектеп, мамлекеттик мекемелер, Актөбөдөгү парк, жоогазындын түрү, орден Назарбаевдин атынан коюлган.

2013-жылы америкалык New York Times гезитине таандык About.com сайты Нурсултан Назарбаевди Азиядагы эң катаал башкаруучу (диктатор) атаган. Назарбаев расмий түрдө "Елбасы" ("Эл башы" — ред.) деген наамды алып жүрөт.

Казакстандын Кылмыш кодексинде өлкө башчыга кол салгандар өлүм жазасына кетери тууралуу берене бар. Президентке кол салуу анын өмүрүн кыйбаса да баары катаал — өлүм жазасына тартылат.

Кыргыз кызына ашык болгон Нурсултан Назарбаев. Ал жаш кезинде Кичи Кеминге (Чүй облусу — ред.) досу Мараттын үйүнө көп каттачу экен. Марат казак кызына үйлөнгөндө Нураке тойдон Турсунай аттуу кыз менен таанышып калат. Назарбаев бир топ жыл кыз менен ашыктык каттарын алышып, кийин колун сураганда, андан окуумду бүтүп алайын деген жооп уккан… Бул тууралуу кинопродюсер, сценарист Өмүрзак Төлөбеков билдирди. Ошентип Нураке болжол менен мындан 58 жыл мурда аз жерден Кыргызстанга күйөө бала болуп кала жаздаган экен…

Үч кыздын атасы. Нурсултан Назарбаевдин Дарига, Динара жана Алия аттуу кыздары бар.

Нурсултан Назарбаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти. Учурда эмне болуп жатат
Улуу кызы Дарига Назарбаева 1963-жылы туулган. Учурда Казакстан Парламентинин Сенатынын депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы. Саясий илимдердин доктору.

Динара Кулибаева 1967-жылы туулган. 2004-жылдан тарта казак-британ техникалык университетинин директорлор кеңешинин төрагасы.

Кичүү кызы Алия Назарбаева 1980-жылы туулган. Учурда курулуш компанияларынын бирин жетектейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0