Sputnik Нооруз майрамына карата шаардыктарга белек даярдады

Жазылуу
Борбордук аянтта "Улуттук баш кийимдер" долбоорунун сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу калаа тургундары менен конокторуна Нооруз майрамына карата белек катары "Улуттук баш кийимдердин" сүрөт көргөзмөсүн даярдады.

Бул иш-чара "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Нооруз майрамык концерти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноорузга карата "Ала-Тоо" аянтында өтө турган иш-чаралардын программасы
Көргөзмөдөн аялдардын, эркектердин жана балдардын баш кийимдерин көрө аласыздар. Андан сырткары, элечекти, калпакты, шөкүлөнү, тебетейди кимдер кийип, жоолукту кимдер салынганы тууралуу да кызыктуу маалыматтарды алууга болот.

Сүрөттөгү моделдердин баш кийимдери менен кийимдерин "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун уздары тиккен.

Көргөзмө 20-мартта ачылат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Нооруз биримдиктин майрамы экенин айтты.

"Бул өтө жылуу жана шаңдуу майрамдардын бири, ал бабалардан кийинки муунга кылымдар бою берилип келе жатат. Андыктан биздин "Улуттук баш кийимдер" долбоорубуз да тарыхый, маданий баалуулукту камтыган татыктуу белек", — деди ал.

Камыр жайып, кесме кескен кеп эмес. Бишкекте кымча бел 40 кыз жарышты - Sputnik Кыргызстан
Камыр жайып, кесме кескен кеп эмес. Бишкекте кымча бел 40 кыз жарышты
Sputnik Кыргызстан 2014-жылдын декабрь айынан тарта иштей баштаган. Агенттик кыргыз жана орус тилдеринде маалымат таратып, радио менен заманбап мультимедиалык маалымат борбору иштейт. Ошондой эле Кыргызстандагы интернет ЖМКлары арасында алдыңкы орунда турат.

Sputnik Кыргызстан - ондогон мамлекеттерде мультмедиалык маалыматтык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги менен радиосунун бир бөлүгү. Sputnik 30дан ашык тилде маалымат таратат, аналогдук жана санарип түрдө радиоуктурууларды жасайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0