Мэрия "Аламүдүн" паркындагы 40 сотых жерди кайтарып алды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүПарк. Архив
Парк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Аламүдүн базарынын" администрациясы тарабынан муниципалдык жерди өзүм билемдик менен колдонуп жаткан факты ачыкка чыккан.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы "Аламүдүн" паркынын аймагындагы муниципалдык жерлерди бошотуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.

Ага ылайык, мэриянын 2005-жылдын 18-августундагы токтому менен "Аламүдүн базары" ЖЧКсына Буденный жана Муса Жалил көчөлөрүнүн кесилишиндеги 13 миң чарчы метр жер 49 жылга ижарага берилген. Ал жердеги парк оңдолуп, жеңил констркуциядагы социалдык маданий мүнөздөгү объектилер курулмак.

Глава отдела озеленения городского департамента в Бишкекской мэрии Нургуль Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мамытова: 1500 чарчы метр арык тазаланат
Көчмө комиссиянын жеринде болгон жыйынында аталган жер тилкеси өз максатында колдонулбай жатканы жана "Аламүдүн" паркынын аймагында архитектуралык-техникалык корутундусу жок 11 объекти бар экени аныкталган.

Андан сырткары, "Аламүдүн базарынын" администрациясы тарабынан муниципалдык жерди өзүм билемдик менен колдонуп жаткан факты ачыкка чыккан. Аталган аймактагы жеңил типтеги 16 объекти алынып, жыйынтыгында шаарга 40 сотыхтан ашык жер кайтарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0