ӨКМ кургак чөп менен таштандылар көп өрттөнүп жатканын эскертти

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүТокойдогу өрт. Архив
Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чукул кырдаал жаралса, 112 жана 101 номерине чалыңыз.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачык аянттарда кургак чөп жана таштандылардан чыккан өрттүн саны көбөйүп жатканын эскертет. Бул тууралуу министрлик өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы, майор Равшанбек Аширбековго таянуу менен билдирди.

"1-марттан бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 225 өрт катталса, анын 106сында ачык аянттардагы кургак чөп жана таштандылар күйгөн. 2018-жылга салыштырмалуу ушул аралыкта ачык аянтта жана таштандылардан чыккан өрттүн саны 32ни түзүп, 69,8 пайызга жогорулаган", — деди ал.

Аширбеков ошондой эле өрт жарандардын короо-жай, эгин талааларын тазалоодогу этиятсыздыгынан улам да чыгып жатканын кошумчалады.

ӨКМ жаз мезгилиндеги ачык аянттагы өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет:

  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла;
  • өзүм билемдик менен таштандыларды өрттөбөгүлө;
  • токой, тоо шарттарында эс алуу учурунда өрт коопсуздук эрежелерин сактагыла, оттун чогун өчүрүп кеткиле;
  • айнектин сыныктарын жана бөтөлкөлөрдү калтырбагыла, күндүн нуру менен чагылышып, өрттүн булагы болушу мүмкүн.

ӨКМ, андан сырткары, эгерде чукул кырдаал жаралса, 112 жана 101 номерине чалууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0