17:58 23 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR77.8085
  • RUB1.0831
Ооруканадагы бейтап. Архив

Консулдук Түркияда ок жеген кыргызстандык кыздан кабар алды

© Sputnik / Варвара Гертье
Коом
Кыскача шилтеме алуу
293 0 0

ЖМКлары Измир шаарында белгисиз адамдар унааны аткылап, анын кесепетинен кыргызстандык кыз жаракат алганын жазган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Кыргызстандын жараны ок жегени боюнча маалыматты тактоо үчүн медициналык мекеме менен байланышканын ТИМден билдиришти.

"Нөөмөттөгү дарыгер жабыркаган кызга операция жасалып, реанимация бөлүмүнө жаткырылганын билдирди. Ошондой эле абалы туруктуу экенин маалымдады. Башкы консулдук маселени өз көзөмөлүнө алды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, консулдук кошумча маалымат берилерин убадалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын Измир шаарында белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургундун автоунаасын аткылап, анын кесепетинен Кыргызстандын Элнура Турманбетова аттуу жараны жаракат алганын Haberler жазган.

Тема боюнча

ЖМК: Түркияда машинада бараткан кыргызстандык кызга ок тийди. Сүрөт
Токмоктогу атышуу: ички иштер министри башка органдарды да сындады
Белгилер:
ок атуу, элчилик, Түркия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ