Жээнбеков Аксыда ачылган спортзалга 1,5 млн. сом бөлүп берди

Жазылуу
Мамлекет жетекчиси Аксы окуяларынын Кыргызстандагы эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштөгү маанисине токтолуп, келечекте мындай трагедиялар кайталанбашын каалады.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды
 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин аймагында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата курулган музейди кыдырып чыкты.
Мамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин аймагында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата курулган музейди кыдырып чыкты. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин аймагында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата курулган музейди кыдырып чыкты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАталган музей 2012-жылы курулган. Өлкө башчы музейдин айланасындагы жерге бак отургузду.
Аталган музей 2012-жылы курулган. Өлкө башчы музейдин айланасындагы жерге бак отургузду. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Аталган музей 2012-жылы курулган. Өлкө башчы музейдин айланасындагы жерге бак отургузду.
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды
2/3
Мамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин аймагында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата курулган музейди кыдырып чыкты.
3/3
Аталган музей 2012-жылы курулган. Өлкө башчы музейдин айланасындагы жерге бак отургузду.

Мамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин аймагында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата курулган музейди кыдырып чыкты. Аталган музей 2012-жылы курулган. Өлкө башчы музейдин айланасындагы жерге бак отургузду.

Митинг-реквием, посвященный памяти погибших за свободу народа в Аксыйских событиях - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Аксы окуясынын тарыхый мааниси эмнеде экенин айтты
Мындан тышкары, ашар ыкмасы менен курулган "17-март" спортзалынын ачылышына катышып, колдоо максатында фондусунан 1,5 миллион сом акча каражатын бөлүп берди.

Ачылыш аземинен кийин орто мектептин окуучулары Аксы окуялары боюнча кыскача театрлаштырылган оюн көрсөтүштү.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочуларды спортзалдын ачылышы менен куттуктап, Аксы районунда башка аймактардагыдай эле социалдык объектилер курулуп жатканын эске салды.

Ал дагы бир жолу Аксы окуяларынын Кыргызстандагы эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштөгү маанисине токтолуп, келечекте мындай трагедиялар кайталанбашын каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0