05:36 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Кабулдагы аял. Архивдик сүрөт

Моджахеддер сулуу аялды таанылгыс кылып салган. Афганга келин болгон кыргыз кызы

© AFP 2019 / REBECCA CONWAY
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Светлана Федотова
706010

Жумушун таштап, сүйгөнүнүн артынан Афганистанга кеткен келиндин артынан жакшы сөз айткан киши болгон жок. Sputnik Кыргызстандын редакциясына Гүлзад Хамра көчөлөрүн танка аралаган өлкөдөгү, аялдын эч кандай укугу жок, алтургай, жалгыз дүкөнгө да чыга албаган мамлекеттеги турмуш жөнүндө айтып берди.

Афганистанда Гүлзад 10 жылдан ашуун жашаган. Анын үй-бүлөсү качкын макамы менен Улуу Британиянын чек арасын аттагандан кийин полиция кызматкерлери аларды төрт саат суракка алышкан, бирок эң кооптуу күндөр артта эле. 

Кыргызстанка прожившая в Афганистане больше 10 лет Гулзад Хамра
© Фото / из личного архива Гулзад Хамра
Афганистанда 10 жылдан ашуун жашаган кыргызстандык Гүлзад Хамра

— Өзүңүздөр тууралуу айтсаңыз.

— Бостери айылында төрөлүп-өскөм. Мектепти аяктагандан кийин педагогикалык институтка тапшыргым келген. Бирок жогорку балл алганыма карабастан, өтпөй калдым. Жогорку окуу жайга кабыл алууну күтүп бир жыл бекер отургум келбеди. Ошол маалда Россияга заводго жумушка жаштарды алып жатышыптыр. Ал жакка кетип, ишке орношууну самадым. Ата-энем менен кеңешсем, апам колдоду, атам, албетте, каршы чыкты... Бирок бир нече аптадан соң Орто Азия аймагынан 500 кишинин арасында мен да Ростов шаарындагы заводдо иштей баштадым.

Комбайн жасачубуз. Иш кара күч жагынан да, моралдык жактан да оор болчу. Ылай, май болуп тонналаган оор металлдар менен иштечүбүз. Жумуштан документтерди катташканда 17 гана жашта экенимди элес алышпаптыр, бирок кийин билингенде жумуш саатымды кыскартып беришти. Көп өтпөй мыкты жумушчу деп табылдым, ал эми кийин Компартияга кабыл алынып, кызматымдан көтөрүлгөм.

Ростовдон мен болочок жолдошумду кезиктирдим. Мен Советтик Кыргызстандан, ал Афганистандан. Баш коштук, уулдуу болдук, күндүзү иштеп, кечкисин университетте билим алдык. Баланы кезектешип карачубуз. Университетти аяктаганда жолдошум Афганистанга кайтышы керек болду.

— Анан сиз да Афганистанга жолдошуңуздун артынан бардыңыз?..

— Башка жол ойго да келген эмес. Компартиядан мени кууп салышкан, бөлөк өлкөнүн жаранына ашык болгонум үчүн саткын атыктырышты. Эч уялбастан эл менин жеке жашоомду сөз кыла берчү. Азыр күлкүм келет, бирок ошол убакта... Андай мамиле мени аябай басынтчу.

1986-жылы уулум менен Афганистанга бардым. Тилин да, маданиятын да жарытып билбейм, жолдошум айтып калчу, бирок алар жетишерлик болбоду. Үйүбүздөн анча алыс эмес жерде айыгышкыс салгылаш, танкалар көчө аралайт, кадам сайын тишине чейин куралданган кишилер.

Кыйын эле болчу, бирок бактым бар экен, аябай жакшы үй-бүлөгө туш келгем, жолдошумдун жакындары абдан жакшы кишилер. Ашканада мага кайненем, кайын сиңди, кайнилерим фарс (перс) тилин үйрөтүштү. Аларга мындай жардам, колдоосу үчүн абдан ыраазымын. Кудай жалгап, уулум эки-үч ай ичинде эле тилди үйрөнүп алды. Ал менин кичинекей котормочум эле. Кан күйгөн жердеги жашоом ошентип башталган. 

Кыргызстанка прожившая в Афганистане больше 10 лет Гулзад Хамра
© Фото / из личного архива Гулзад Хамра
Гүлзад Хамра: Компартиядан мени кууп салышкан, бөлөк өлкөнүн жаранына ашык болгонум үчүн саткын атыктырышты. Эч уялбастан эл менин жеке жашоомду сөз кыла берчү. Азыр күлкүм келет, бирок ошол убакта...

— Согуш жүрүп жаткан өлкөдө үрөйүңүздү учурган кандай нерселерге күбө болдуңуз?

— Андай нерселер өтө көп эле, аялдар сөзсүз чүмкөнүшкөн, жада калса, көздөрү да көрүнчү эмес. Азыр бул кадыресе көрүнүш, ал эми ошол убакта советтик кызга андай нерсе өтө эле өөн учураган.

Автобуска эркектер бөлөк, аялдар башка каалгадан киришчү. Бири-бирине колу да тийбеши керек. Коомдук транспортто аялдар бейтааныш кишилер менен катар тура да алышпайт. Жолдошу, ага-иниси же уулунун жанында гана турууга тийиш.

Дүкөндөрдө да базардагыдай соодалаша беришет. Советтик шаарларда баасы канча жазылып турса, ошончо төлөйт эмес белең. Советтик дефицит товарлардын көп түрү бар эле, СССРде таба албаганың Афганистанда жайнап эле турчу.

Көчөдө кайыр сураган аялдар, майда балдар көп эле... Бир учур жадымдан чыкпайт. Чүмкөнгөн аял ары-бери өткөндөрдөн кичинекей уулун багуу үчүн кайыр сурап турду. Азыраак тыйын карматып, өзү жөнүндө сурадым. Көрсө, алардын үйүнө душмандар кол салат. От коюшат... Келиндин күйөөсү, кайната-кайненеси, балдары үйдө экен. Баары тирүүлөй өрттөнүшөт. Эптеп өз жанын жана эң кенже уулун куткарып калат. Кайгылуу окуяга чейинки сүрөтүн көрсөттү. Анда көздөрү бакырайган чүрөк, бирок жалын анын жүзүн жалмап салган. Жоолугун чечкенде үрөйүм учту, көздөрү да, оозу да көрүнбөйт, териси бүт тырык.

— Афганистанда жашоого мүмкүн болбой калганын кайсы убакта аңдадыңыз?

— Кабулдун чок ортосуна иштер менен баргам, автобуска отурдум. Ордунан бир аз жылганда эле анын жанагы токтоп турган жерине ракета кулады. Көз ирмемчелик убакыт! Ажалдын оозунда элек... Адамдардын коркуудан бозоргон жүздөрүн, көчөдөгү кыйкырык, ызы-чууну, терезеден карап көргөндөрүмдү эч качан унута албайм... Уюлгуган түтүн, баары канжалайт, асфальтта дененин чачырап кеткен бөлүктөрү...

Афганистан советтик аскер күчтөрү чыгып кеткенден кийин өтө кооптуу абалга тушуккан. Баарынан да аялдар азап тартты, алар болгон укуктарынан ажыратылган. Иштебейт, коомдо жалгыз жүрө алышпайт. Үй-бүлөм үчүн азык-түлүк алып келүүгө да чыга албайм, тыюу салынган, мени уулум, ага-иним же жолдошум жандап жүрүшү шарт болчу. Миңдеген аялдардай эле мен да жумушсуз элем.

Ошондой коркуу сезимдерине чулганып дагы бир топ жыл жашадык. Жолдошум мага, балдарга аябай сарсанаа болчу. Жер которууну көп ойлончу болдук. 

Кыргызстанка прожившая в Афганистане больше 10 лет Гулзад Хамра
© Фото / из личного архива Гулзад Хамра
Гүлхад Хамра: коркуу сезимдерине чулганып дагы бир топ жыл жашадык. Жолдошум мага, балдарга аябай сарсанаа болчу. Жер которууну көп ойлончу болдук.

— Кайсы жерлерди караштырдыңар?

— Жер которууга анчалык деле көп вариантыбыз жок эле. Ошол жылдары Кыргызстанга көчүп баруу машакаттуу болчу, ал эми Россияда мени да, күйөөмдү да күткөн киши жок. Кудай жалгап, Британиядагы кайындарым бизге жардам бермекчи болушту. Бардык документтерди жасап, бизди өлкөдөн чыгарып кете турган кишини жалдадык.

2002-жылы Улуу Британияга келгенибизде бизди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү узакка суракка алды. Бирок эң кооптуу күндөр артта эле. Көчөлөрүндө танка жок, асмандан ракета түшпөгөн, аялдар эркин жүрө алган өлкөгө кабыл алындык.

— Британиядагы турмуш алгач кандай башталды?

— Британиядагы алгачкы жылдар оңой деле болбоду. 40 жаштамын, тил билбейм, ким болуп иштерим да күмөн. Жолдошум 12 саат иштөөгө аргасыз, мен тилдин айынан ишке чыга албадым. Курска бардым, бирок баары бир жакшы жерге орношууга билимим жетишпей койду.

Кудай жалгап алгач африкалык чач тарачка ишке кирдим. Лондондогу чач тарач курсун аяктаганымда тааныштарымдын бири мени чач тарачтын кожойкесине сулуулук салону үчүн өтө мыкты мастер экенимди айтып сунуштады. Чачка кам көрүү боюнча теорияны гана билчүмүн, ал эми салондо мен африкалык чач тарачта мастер катары иштөөгө тийиш элем. Сулуулук салонунун кожейкеси абдан боорукер аял экен, тил үйрөнүүмө көмөкчү болду. Жардам бергилери келип, анын күйөөсү да мени ишке алды. 

— Британиялыктарды кийизден пано жасоого үйрөтөт экенсиз, буга кандайча киришип калдыңыз?

— Кийизден жасалган сүрөттү көрүп калып, аябай суктандым. Кантип жасаларына кызыктым. Интернеттен издедим. Кийиз жок болгондуктан, токулган шарфты чубап, биринчи эмгегимди жасадым. Жакындарыма көрсөтсөм, жактырышты, бирок дагы өрчүтүшүм керектигин ачык айтышты.

Жакшылап үйрөнө баштадым. Кыргызстандык таанышым Шахсоной мени өз долбоорунун алкагында иштеримди көргөзмөгө коюуга чакырды. Кийинчерээк балдарга кийизден пано жасоону үйрөтө баштадым. Эмгектеримдин көпчүлүгү сатыкка коюлган, алар сатылганда түшкөн пайданын 10 пайызы Кыргызстандагы жетим балдарга жардамга которулмакчы.

Кыргызстанка прожившая в Афганистане больше 10 лет Гулзад Хамра
© Фото / из личного архива Гулзад Хамра
Гүлзад Хамра: Британиядагы алгачкы жылдар оңой деле болбоду. 40 жаштамын, тил билбейм, ким болуп иштерим да күмөн. Жолдошум 12 саат иштөөгө аргасыз, мен тилдин айынан ишке чыга албадым.

— Мекениңизге акыркы жолу качан келдиңиз? Сиз кеткенден бери өлкө канчалык өзгөрүптүр?

— Соңку ирет былтыр баргам. Өмүрүмдө Сары-Челек көлүн биринчи ирет көрдүм. Алгач көзүмө жаш тегеренди, ушунчалык ажайып жер экен. Өлкөдөгү абалды калыс баалай албайм го, кантсе да турист катары келип кетет эмесминби. Мындайда жагымдуу таасир гана аласың.

Өлкөдө баары кымбаттап, бирок маяна баягы калыбында дегенди кулагым чалат. Бирок мекенге барганымда акчанын жетишсиздигине нааразы болгон ошол эле адамдар жакындарын кечки тамакка чакырып койчу жөндө деле дүңгүрөтө той беришкенине таң калдым.

Бишкекте курулуш көптүгүн байкадым, турак жай да элге жеткиликтүү болоруна үмүттөнөм. Кыргызстандын жаштарын көрүп кубандым, бизди сыймыктанта турган билимдүү балдар арбын.

Тема боюнча

Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек
Белгилер:
Улуу Британия, Өрт, согуш, Кыргызстан, Афганистан

ЭҢ МААНИЛҮҮ