Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек

© Фото / предоставлено Алмазом АраповымПредприниматель Алмаз Арапов
Предприниматель Алмаз Арапов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиядан тарта АКШ, Германия, Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө окуп, ири ишканаларында иштеген Алмаз Арапов Кыргызстанга келгенине аз эле болуптур. Учурда ал чет өлкөдө билим алам деген жаштарга жардам берүүдө.

Ишкер, IT адис менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы баарлашып, чет өлкөдө акысыз же арзан билим алуунун сырларын сурап, өмүр таржымалына кызыгып көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер, IT адис Алмаз Арапов: 2000-жылы түрк лицейин бүтөөрүм менен Түркияга кеттим. Ал жактан Анкаранын Гази университетинин юридикалык факультетинде билим алдым. Студент кезде Япониядагы ири фонддордун бири менен иштешип, стипендия алчумун. Окуумду бүтүп эле ошл өлкөгө кетип калдым.
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек - Sputnik Кыргызстан
Ишкер, IT адис Алмаз Арапов: 2000-жылы түрк лицейин бүтөөрүм менен Түркияга кеттим. Ал жактан Анкаранын Гази университетинин юридикалык факультетинде билим алдым. Студент кезде Япониядагы ири фонддордун бири менен иштешип, стипендия алчумун. Окуумду бүтүп эле ошл өлкөгө кетип калдым.

— Билишибизче алыскы Баткенде төрөлүп, мектепти деле ошол жактан бүтүптүрсүз. Айылдан ааламга жолуңуз кантип, канча жашыңызда башталды?

— Балалыгым Баткенде эле өттү. 7-класска чейин Баткен районундагы орто мектепте билим алып, андан кийин Кадамжай районундагы кыргыз-түрк лицейине тапшырдым. Карапайым үй-бүлөнүн баласымын. Атам салык кызматында, апам мектептин китепканасында эмгектенген. Апамдын ишине байланыштуубу, айтор, үй-бүлөбүз менен китепкөй болчубуз. Ал тургай тамак ичип жатканда да ата-энемдин колунан китеп түшчү эмес. Окууга, билимге болгон кызыгуум ошондо эле башталды. 2000-жылы түрк лицейин бүтөөрүм менен Түркияга кеттим. Ал жактан Анкаранын Гази университетинин юридикалык факультетинде билим алдым. Студент кезде Япониядагы ири фонддордун бири менен иштешип, стипендия алчумун. Бара-бара Японияга болгон кызыгуум артып, окуумду бүтөөрүм менен ошол өлкөгө кетип калдым.

Студент владеющий семью иностранными языками Ислам Эрчибаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
7 тил билген студент: тилди курска барбай эле өз алдынча үйрөнсө болот
Ал жакта ишкерлик кылдым. КМШ өлкөлөрүнө оң рулдуу унааларды экспорт кылчубуз. Эки-үч жыл иштегенден кийин кайра окугум келе баштады. Ары ойлонуп, бери ойлонуп күчүмдү сынап көрөйүн деп АКШдагы окуу жайларга тапшырып көрүүнү чечтим.

Негизи адам канчалык бир нерсени катуу кааласа, ошол нерсе сөзсүз аткарылат. Америкага окууга тапшырарда визамды бүтүрүүгө АКШнын Япониядагы консулдугунда иштеген америкалык адам жардам берген. Көрсө, ал кыргызчаны жакшы билген, бир кезде Кыргызстанда иштеп кеткен киши экен. Биздин өлкөнү аябай жакшы көрөрүн айтып, көп жардам кылды.

Ошентип Америкага барып ал жактан эл аралык бизнес тармагында билим алдым. Андан кийин юридикалык департаментте виза жасап беш жыл иштедим. Дагы окугум келди. Бирок АКШда магистратура кымбат болгондуктан, башка өлкөлөрдүн окуу жайларына экзамен тапшырып койгом. Бир күнү Германиянын алдыңкы университеттеринин бири деп эсептелген Business School мектебине толук стипендия менен чакыруу алдым. Сапарым уланып, Германияда эл аралык бизнес жана укук боюнча магистрликти жактадым. Андан кийин Microsoft компаниясынан кийинки эле орунда турган немистердин IT компаниясына консультант болуп иштедим. Акыркы беш жылдан бери Германияда жашайм. Кыргызстанга келгениме аз эле болду. 

© Фото / предоставлено Алмазом АраповымАлмаз Арапов: Япониядан кийин Германияда стипендия алып окудум. Андан кийин Microsoft компаниясынан кийинки эле орунда турган немистердин IT компаниясына консультант болуп иштедим. Акыркы беш жылдан бери Германияда жашайм.
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек - Sputnik Кыргызстан
Алмаз Арапов: Япониядан кийин Германияда стипендия алып окудум. Андан кийин Microsoft компаниясынан кийинки эле орунда турган немистердин IT компаниясына консультант болуп иштедим. Акыркы беш жылдан бери Германияда жашайм.

— Ири ишканаларда айлык аябай эле көп болсо керек?

— Маяна ал жакта адамдын иштеген ишине жараша берилет. Башкысы, үй-бүлөсүн бакканга, башка муктаждыктарга кенен жетет. Мисалы, мен Японияда 3-4 миңге чейин алсам, АКШда 4-5 миң доллардын тегерегинде маяна алчумун. IT тармагында иштегендер 10-15 миң долларга чейин табышчу. Эң аз алгандардын акчасы 2,5-3 миң доллардын тегерегинде эле.

— Чет өлкөдө майлуу-сүттүү жумуштарда иштеп жүрүп Кыргызстанга келүүгө эмне түрткү болду?

— Билим берүү тармагына кичине болсо да салым кошкум келип бул жакта чакан бир академия ачтым. Ал жактан "окуйм" деген балдарды дүйнөлүк стандартка даярдайбыз. Башкача айтканда, балдардын чет өлкөдө сапаттуу билим алып, эл аралык тажрыйба топтоосуна көмөктөшөбүз.

Кыргызстанда билим берүү деңгээли өтө эле төмөн. 5 жыл жогорку окуу жайда окуп алып, беш миң сом айлык алып иштеп жатышат. Ал акча түшкү тамак менен жол киреге да жетпейт. Жакында эле мага бир бала кайрылды. "Тогуз жыл медакадемияда окуп алып эми жумуш таппай жүрөм" дейт. Бир клиникага кирейин десе, айлыгы беш миң сом экен. Жумушка да жөн албай, берчү айлыгынан 4-5 эсе кымбат акча сураптыр. Буга окшоп жумуш таппай жүргөн балдар толтура. 

© Фото / предоставлено Алмазом АраповымАрапов: Кыргызстанда билим берүү деңгээли өтө эле төмөн. 5 жыл жогорку окуу жайда окуп алып, беш миң сом айлык алып иштеп жатышат. Чет өлкөдө билим алуу үчүн азыр мүмкүнчүлүктөр көп. Алсак, Германияда бекер окуса болот. АКШда деле Кыргызстандагы айрым кымбат окуу жайларынан арзаныраак университеттер бар.
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек - Sputnik Кыргызстан
Арапов: Кыргызстанда билим берүү деңгээли өтө эле төмөн. 5 жыл жогорку окуу жайда окуп алып, беш миң сом айлык алып иштеп жатышат. Чет өлкөдө билим алуу үчүн азыр мүмкүнчүлүктөр көп. Алсак, Германияда бекер окуса болот. АКШда деле Кыргызстандагы айрым кымбат окуу жайларынан арзаныраак университеттер бар.

— Кантип жардам бересиңер?

— Чет өлкөдө билим алуу үчүн азыр мүмкүнчүлүктөр көп. Алсак, Германияда бекер окуса болот. АКШда деле Кыргызстандагы айрым кымбат окуу жайларынан арзаныраак университеттер бар. Ошондой окуу жайларда билим алууга жаштарга багыт берип, көмөк көрсөтөбүз.

— Балдарды канча жаштан баштап даярдай баштайсыңар?

— 7-класстан баштап ала баштадык. Өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Германияда 7-класста окуган бала кайсы адистикти тандай турганын так билет.

Баланы ушундай куракта алабыз. Андан кийин ага 5-10 жылдык план түзөбүз. План демекчи, япондор күнүмдүк, айлык, жылдык пландарын сөзсүз алдын ала жазып алышат. Дайыма жанында план жазылган блокноту болот. Эртең менен кечке чейин эмне кыла тургандарын бүт жазышат. Убакытты туура пайдаланганды билишет.

Мен ишкермин деп аталган ишкерлер клубунун негиздөөчүсү Асел Алымбаева - Sputnik Кыргызстан
Окуучу кезимде акчаны белиме байлап, шаардан товар ташычумун. Ишкер аял менен маек
Бизде андай эмес. Досуң кофе ичели деп чакырса, ага жок эле дегенде 2-3 саатың кетет.

Мындан тышкары, азыр өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча атайын программа иштеп чыктык. Чет өлкөдө окуйм деген бала тил эле билбестен, интеллектуалдык жактан да өзүн өнүктүрүүсү кажет. Ошондо 7-класстан алсак, беш жыл окууга даярдап, анан чет мамлекеттердин окуу жайларына жөнөтөбүз. Бул жактан окууга эле кетирип жибербей визасын бүтүрүп, жатаканасына чейин таап беребиз.

Кыргызстанда окуучулар кайсы адистикти тандоону билишпейт. Кесип тууралуу 11-класста жалпы республикалык тестирлөөгө аз калганда гана ойлонушат. Ким болорун 11-класста деле билбеген балдар көп экенин көрдүк. Аймактарды кыдырып, окууну бүтө турган балдардан "кайсы адистикти тандайсыңар?" деп сурамжылоо жүргүзсөк, "юрист, экономист же эл аралык мамилелер факультети" деп жооп берет. Бирок окуган менен ал кесип менен иштегендер өтө эле аз. Таш ыргытсаң экономист, юристтин башына тиет. Дипломдору чаң басып жатат, өздөрү базарда. Кесипти туура тандоо бул бала үчүн эң негизги нерсе. Ошондуктан билим берүүдө мындай маселени башкы орунга коюш керек. 

© Фото / предоставлено Алмазом АраповымИшкер: Чет жактагы окуу жайларда билим алууга жаштарга багыт берип, көмөк көрсөтөбүз. Балдарды 7-классынан баштап кабыл алабыз.
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: Чет жактагы окуу жайларда билим алууга жаштарга багыт берип, көмөк көрсөтөбүз. Балдарды 7-классынан баштап кабыл алабыз.

— Азыр жеке менчик мектептин акылары өтө кымбат эмеспи. Сиздерде аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жеңилдиктер барбы?

— Каржы жаатынан кыйналган үй-бүлөлөргө сөзсүз жеңилдиктер бар. Баласы чындап эле окууга дилгир, аракетчил болсо түрдүү жеңилдиктер каралган. Андай балдар бизге келишет, жардам берип окууга жиберип жатабыз.

— Чет өлкөдө билим алуу үчүн эң биринчи эмнени билиши керек? Жаштарга кеңешиңиз.

— Баары эле кычыраган окуу жайларда билим алгысы келет, бирок жолун билбейт. Жаштар жалкоо. Азыр баары интернетте отурат, бирок аны туура пайдаланганды билишпейт. Социалдык тармакта ар кимдин сүрөтүн көрүп отура бергенден көрө кызыккан нерсесин издесе, бардык маалыматтар чыгат. Жогоруда айтып кеткендей, чет жактарда акысыз билим берген окуу жайлар бар. Ал жакка кантип өтсө болорун, шарт-талабын билсе болот.

Предприниматель Тилек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Тилек Токтоналиев: үйдө отуруп Amazon аркылуу айына 1000 доллар тапса болот
Биринчи орунда тил үйрөнүшү керек. Ар бир окуу жайдын атайын экзамен программалары бар. Мисалы, ошол эле TOEFL.

Бардык нерсеге эрте даярданган жакшы. Ата-энелердин кулагына күмүш сырга, баласы билимдүү, жакшы жумушта иштеген адам болсун десе, 7-класс болгондо эле атайын адистерге барып кайрылып баланын кызыгуусуна карап кеңеш алсын. Кымбат жеке менчик мектептерге бергенден көрө, ошонун жарым акчасына балдарды ар кандай тил же башка курстарга берсе утушта болот.

Ошондой эле китепти көп окуш керек. Дүйнөдөгү белгилүү, бай адамдар кеңеш бергенде "сөзсүз китеп окугула" деп айтат. Мисалы, мотивация бере турган, убакытты туура пайдалануу, ийгиликтүү адамдардын өмүр баяндары, ийгилик сырлары сыяктуу китептерди окуш керек. Окуган сайын баланын өзүнө болгон ишеними жогорулап, көз карашы өзгөрөт. 7-класстан тарта даярдана берсе, беш жыл ичинде мыкты окуу жайдан билим алууга дапдаяр болуп калат. 

© Фото / предоставлено Алмазом АраповымАлмаз Арапов: Кыргызстанда окуучулар кайсы адистикти тандоону билишпейт. Кесип тууралуу 11-класста жалпы республикалык тестирлөөгө аз калганда гана ойлонушат. Ким болорун 11-класста деле билбеген балдар көп экенин көрдүк.
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек - Sputnik Кыргызстан
Алмаз Арапов: Кыргызстанда окуучулар кайсы адистикти тандоону билишпейт. Кесип тууралуу 11-класста жалпы республикалык тестирлөөгө аз калганда гана ойлонушат. Ким болорун 11-класста деле билбеген балдар көп экенин көрдүк.

— Өзүңүз канча тил билесиз?

— Кыргыз, орус, англис, түрк, япон, немис тилдерин билем.

— Бир тилди канча убакытта үйрөнсө болот?

— Негизи бир тилди жакшылап үйрөнүп алса, башкаларын алып кетүү оңой. Анткени көбүнүн грамматикалары окшош. Мисалы, япон, түрк, кыргыз тилдери урал-алтай тил тутумуна киргендиктен, окшош жактары көп. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер: Таш ыргытсаң экономист, юристтин башына тиет. Дипломдору чаң басып жатат, өздөрү базарда. Кесипти туура тандоо бул бала үчүн эң негизги нерсе.
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: Таш ыргытсаң экономист, юристтин башына тиет. Дипломдору чаң басып жатат, өздөрү базарда. Кесипти туура тандоо бул бала үчүн эң негизги нерсе.

— Чет өлкөдө кайсы адистиктер приоритеттүү деп эсептелет?

— Мисалы, мен Түркияда юридикалык факультетти бүткөм. Бирок ал жактын диплому, Кыргызстандын жарандыгы менен эки жакта тең юрист, адвокат боло албайт экенсиң. Мындан улам бизнеске байланышкан башка факультетке окуганга туура келди. Азыр маалыматтык технология өнүгүп жатат. Чет өлкөдө унаа чыгарган ишканаларда роботтор иштейт. Amazon деген интернет дүкөндө бир да киши иштебейт. Баары электрондук түрдө эле бүтүп, автоматташтырылган системага өтүп жатат. Кыргызстан деле бара-бара ошого барат. Биздин өлкө өнүккөн мамлекеттерден 50-100 эсе артта калган.

Негизи Кыргызстанда кийин кайсы кесиптер актуалдуу болору тууралуу атайын бир изилдөө жүргүзүш керек. Маалымат технологиясы, нанотехнология, бизнес, психология, туризм, IT тармагына басым жасаса жаңылышпайт деген ойдомун.

— Чет мамлекетте жүргөндө кыйынчылыктар көп эле болсо керек?

— Көбүнчө тамак-аш жана иш графиктеринен кыйналдым. Японияда жалаң күрүч, балык жешет экен. Эт, майга көнгөн жаным араң көндүм. Негизи эле япондор узак жашоонун сырын жакшы билишет. Бизге окшоп майлуу, күчтүү тамак жешпейт. Убагында тамактанышат. Мындан сырткары, бул элде компания үчүн иштеп берүү деген бар. Мисалы, бизде 8 саат иштеп, андан кийин кетип калабыз го. Ал жакта баары бир убакытта кеткенге аракет кылышат. Бирөө эрте кетип жатса, жумушта калган кишиден "сенден эрте кетип жатканым үчүн кечирим сурайм" деп анан кетишет. Башында барганда ошого көнө албай кыйналып жүрдүм. Бирок  турмуштук көп тажрыйба топтодум. 

© Фото / предоставлено Алмазом АраповымАлмаз Арапов: Баары эле кычыраган окуу жайларда билим алгысы келет, бирок жолун билбейт. Жаштар жалкоо. Азыр баары интернетте отурат, бирок аны туура пайдаланганды билишпейт. Чет жактарда акысыз билим берген окуу жайлар бар. Ал жакка кантип өтсө болорун, шарт-талабын ошол эле интернеттен билсе болот.
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек - Sputnik Кыргызстан
Алмаз Арапов: Баары эле кычыраган окуу жайларда билим алгысы келет, бирок жолун билбейт. Жаштар жалкоо. Азыр баары интернетте отурат, бирок аны туура пайдаланганды билишпейт. Чет жактарда акысыз билим берген окуу жайлар бар. Ал жакка кантип өтсө болорун, шарт-талабын ошол эле интернеттен билсе болот.

— Үй-бүлөңүз тууралуу билсек...

— Эки балам бар. Экөө тең Германияда төрөлдү. Үй-бүлөм менен Кыргызстанга келгениме аз болду. Ага чейин өзүм келип-кетчүмүн. Балдарымдын улуусу төрт жашта, кичүүсүнө төрт ай болду.

— Келинчегиңиз кыргызбы?

— Ооба, кыргыз. Экөөбүз Германиядан таанышканбыз. Ал дагы финансы жаатында билим алып, Германиянын чоң компанияларынын биринде финансист болуп иштечү. Учурда балабыз кичинекей болуп үйдө. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер: Бардык нерсеге эрте даярданган жакшы. Ата-энелердин кулагына күмүш сырга, баласы билимдүү, жакшы жумушта иштеген адам болсун десе, 7-класс болгондо эле атайын адистерге барып кайрылып баланын кызыгуусуна карап кеңеш алсын.
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: Бардык нерсеге эрте даярданган жакшы. Ата-энелердин кулагына күмүш сырга, баласы билимдүү, жакшы жумушта иштеген адам болсун десе, 7-класс болгондо эле атайын адистерге барып кайрылып баланын кызыгуусуна карап кеңеш алсын.

— Балдарыңызды тарбиялоо ыкмаларынан да бөлүшө кетсеңиз?

— Негизи баланы тарбиялоодо 70 пайызы аялдан көз каранды экен. Ошондуктан аял киши, эне билимдүү, ыймандуу, тарбиялуу болуш керек. Бала ата-эненин айтканын эмес, кылганын жасайт. Ошондуктан балалуу болгондон кийин өзүңдүн ар бир жасаган ишиңе жооп бергидей, өзүңдү татыктуу алып жүрүш керек экен. Бала ата-эненин күзгүсү деген чын.

Жаңылыктар түрмөгү
0