12:13 24 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR77.8085
  • RUB1.0831
Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик болду

Таштанды чогултуп, көчөт тиккен аткаминерлер. Сүрөттөр

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
306 0 0

Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында өлкө боюнча ишембиликтер өткөрүлүп, ага он миңдеген адам катышкан.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик болду. Ага жөнөкөй жарандардан тарта мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана өлкөнүн биринчи адамдары да чыгышкан.

  • Сегодня, 16 марта, в Кыргызстане прошел общереспубликанский субботник
    Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • В нем приняли участие как простые граждане, так и сотрудники госорганов и первые лица государства
    Ага жөнөкөй жарандардан тарта мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана өлкөнүн биринчи адамдары да чыгышкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков и сотрудники его аппарата провели субботник в мемориальном комплексе Ата-Бейит
    Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттин аппаратынын кызматкерлеринин ишембилиги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өткөн
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Сотрудники аппарата правительства во главе с премьер-министром Мухаммедкалыем Абылгазиевым очистили от мусора территорию парка Победы имени Даира Асанова и посадили деревья
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн аппараты Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркынын айланасындагы таштандыларды тазалап, көчөт отургузган
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Депутаты Жогорку Кенеша, сотрудники аппарата и управления делами парламента во главе с торага Дастанбеком Джумабековым провели субботник на проспекте Эркиндик
    Ал эми спикер Дастан Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары "Эркиндик" бульварын тазалап, 350 эмен көчөтүн тиккени айтылды
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • По сообщению пресс-службы мэрии, в Бишкеке участие в мероприятиях приняли около 50 тысяч человек, более 550 организаций и учреждений.
    Мэриянын маалыматына таянсак, бүгүнкү ишембиликке Бишкек калаасындагы 550дөн ашык уюм жана мекемелерден 50 миңдей адам чыгып, 40ка чукул атайын унаа тартылган
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
1 / 6
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик болду

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттин аппаратынын кызматкерлеринин ишембилиги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өткөн. Алгач куран окулуп, андан соң комплекстин айланасы тазаланган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн аппараты Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркынын айланасындагы таштандыларды тазалап, көчөт отургузган.

Ал эми спикер Дастан Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары Эркиндик бульварын тазалап, 350 эмен көчөтүн тиккени айтылды.

Мэриянын маалыматына таянсак, бүгүнкү ишембиликке Бишкек калаасындагы 550дөн ашык уюм жана мекемелерден 50 миңдей адам чыгып, 40ка чукул атайын унаа тартылган.

Айлана-чөйрөнү тазалап, жашылдандыруу иштерине Бишкек шаардык кеңештин депутаттары да кол тийгизген. Алар Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишине 300 көчөт отургузду.

Тема боюнча

Ишембиликте жер тырмаган президент Сооронбай Жээнбеков. Фотофакт
Белгилер:
ишембилик, тазалык, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ