Ош шаарында жылуулук качан өчүрүлөрү белгилүү болду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулук менен камсыздоо уюмдарынын жетекчилерине 2019-2020-жылдагы жылуулук берүү маалына даярдануу тапшырылды.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ош шаарында 17-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы социалдык объектилер менен көп кабаттуу үйлөргө 1-ноябрдан тарта жылуулук берилген.

Жылуулук менен камсыздоо уюмдарынын жетекчилерине кайра эле 2019-2020-жылдагы жылуулук берүү маалына даярдануу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0