10:01 23 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6480
  • EUR78.1346
  • RUB1.1059

Алп акын Аалы алп жигиттер менен Сауд Аравияда. Фотофакт

© Фото / предоставлено Аалы Туткучевым
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2000дей кыргызстандык бара турган Сауд Аравиядагы Camel Fest (41)
3369 0 0

Айтылуу акынды кыргыздын төрт алп жигити курчап турган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын белгилүү акыны Аалы Туткучевдин алп жигиттер менен Сауд Аравияда түшкөн сүрөтү соцтармакка жарыяланып, "эки тараптуу алптар биригиптир" деген пикирлер жазылууда. 

Ак таңдай акын сүрөткө төрт алп жигиттин ортосунда туруп түшкөн. Алар Инамидин Бектемиров (бою 2 метр), Чыңгыз Арстанбек уулу (бою 2 метр), Данияр Акунов (бою 198 сантиметр) жана Азамат Бектурсунов (бою 195 сантиметр).

Кыргыз баатырларынын образын чагылдырган тогуз алп жигит Camel Fest этнофестивалына катышууда. Алардын эң узунунун бою 2,05 метр, салмагы 130 килограммдан ашат. Ал эми өтүгүнүн өлчөмү 53 сантиметрге жетет. Ар бири жоокерлердей башына малакай, үстүнө соот кийип жүрүшөт. Алар оюн-зоокко катышып, баатырлардын жана хандын желдеттеринин образын жаратууда. Башкы максаты — кыргыздын жүзүн көрсөтүү. Алп эркектер эле эмес, узун бойлуу кыздар да барып чет элдиктерди суктантууда. 

9-мартта башталган Camel Fest фестивалы 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтүүдө. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн. Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүп жатышат. Сауд Аравияда атайын 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылууда. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрүүдө.

Тема:
2000дей кыргызстандык бара турган Сауд Аравиядагы Camel Fest (41)

Тема боюнча

Жүрөк толкуйт! Сауд Аравиядагы этнофестивалдын ачылыш аземи. Видео
Бою алп жигиттерден кем калбаган кыргыз кыздар суктантып... Аравиядагы сүрөт
Белгилер:
ырчы, акын, Аалы Туткучев, Сауд Аравиясы, жигит, алп адам

ЭҢ МААНИЛҮҮ