Нааразылык жараткан кызмат көрсөтүүлөр менен товарлар. Тизме

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүТиричилик техника дүкөнү. Архив
Тиричилик техника дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өзүнүн укугун билбегендиктен мамлекеттик органдарга арызданбайт.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Былтыр кыргызстандыктар Монополияга каршы мамлекеттик агенттикке 358 ирет арызданган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанда болгон маалымат жыйында Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин Реклама жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча башкармалыктын жетекчиси Назина Алыкулова билдирди.

Ведущий специалист Антимонопольного ведомства Аскат Азарбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Азарбеков: керектөөчүлөрдүн укугу базарларда көп бузулат
Анын айтымына караганда, элдин көбү турмуш-тиричилик техникалардын, эмеректердин, пластик терезелердин жана бут кийимдин сапатына арызданып келет. Андан сырткары, үлүштүк курулуш менен авиабилеттерди кайтаруу боюнча нааразылык көп.

Элдин нааразы болгон учурларынын 41и социалдык тармакка жарыялаган. Агенттиктин кызматкерлери өкмөттүн тапшырмасынын негизинде арыздын чоо-жайын билип, териштирген.

"Жарандар мамлекеттик органдарга аз кайрылышынын себеби - керектөөчүнүн укуктук маданияты жок, сабатсыз. Өнүккөн өлкөлөрдө өз укугун билишет. Бизде жакшы мыйзамдар бар, аны элге жеткириш керек. Кыргызстанда адам укугун өз алдынча коргосо болот, андан ары сотко чейинки органда иштер жүргүзүлөт. Эгерде таптакыр эле болбой жатса, анда сотко кайрылса болот", — деди Алыкулова.

Ал "Сатылган товарды кайра кайтарып берүүгө болбойт!" деген такталарды илүү мыйзамга туура келбей турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0