Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Коопсуздук кеңешинин катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековСекретарь Совета безопасности КР Дамир Сагынбаев
Секретарь Совета безопасности КР Дамир Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 13-мартта, кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыгып, кыргызстандык бир адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 14-мар.— Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча парламентте маалымат берет
Эске салсак, кечээ, 13-мартта, Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Коңшу айылдын тургундары бири-бирин ташка алганы маалым. Андан Кыргызстандын бир жараны жаракат алып Баткен облусунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Чырдан улам Баткен чек ара бөлүмүнүн жоокерлери күчөтүлгөн тартипке өткөн.

"Кечээтен бери окуя боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын бардыгы кырдаалды жөнгө салуу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, кырдаал дагы эле турукташа элек", — деди Сагынбаев.

13-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Министрлер чек арадагы абалды талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук мамилени чыңдоо жана жагдайды жөнгө салуу үчүн тийиштүү органдардын өз ара тыгыз аракетинин зарылдыгын белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0