Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Кыргыз-тажик чек арасында чогулгандар тарай элек, бирок кагылышуулар жок

© Sputnik / Табылды КадырбековПограничник на посту. Архивное фото
Пограничник на посту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү кечинде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чогулган эл тарай элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча парламентте маалымат берет
Эскерте кетсек, буга чейин Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кырдаалды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Маалыматка караганда, чогулгандардын саны улам-улам өзгөрүп жатат. Орто эсеп менен алганда кыргыз тарапта 100дөй, тажик тарапта 50-70 киши турат.

"Күч органдары абалды жөнгө салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Чогулган эл тарай элек, бирок кагылышуулар жок", — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Жеринде чек арачылар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин диалогу күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0