Айыл чарба министрлигиндеги бош орундар. Тизмеси жана талаптары

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАйыл чарба министрлигиндеги вакансия. Архивдик сүрөт
Айыл чарба министрлигиндеги вакансия. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган министрликте иштейм дегендер керектүү деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү шарт.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде төрт вакансияга сынак жарыяланганы Кадр кызматынын сайтында айтылат.

Мында Таластын Бакай-Ата, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Жалал-Абаддын Чаткал жана Нарындын Ак-Талаа райондорунда агрардык өнүгүү башкармалыктарынын жетекчилик кызматына талапкерлер каралмакчы.

Ярмарка вакансий в Москве - Sputnik Кыргызстан
Дагы эле иши жок жүрөсүзбү? Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт
Талап боюнча аталган жумушта иштейм дегендер тийиштүү деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилди билип, компьютердик техника жана айрым бир программалар менен тааныш болушу керек.

Мындан тышкары, айыл чарбасы, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча жогорку билими болушу шарт. Ага катар мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде үч жыл иш тажрыйбасы болушу керек.

Кадр кызматы талапкерлер үчүн даярдалган тесттик тапшырмада Конституция жана коррупцияга байланышкан мыйзамдар боюнча суроолор бар экенин эскертет.

Документтер 19-мартка чейин кабыл алынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0