Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал турукташты

© AFP / MLADEN ANTONOVИзолятор "Кэмп-Рэй" в Гуантанамо
Изолятор Кэмп-Рэй в Гуантанамо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулган жергиликтүү тургундар тарай баштаганы кабарланды.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал жөнгө салынууда. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы тапта чек арачылар жана жергиликтүү бийлик органдары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Учурда кырдаал турукташа баштады. Чогулган жергиликтүү тургундар тарап жатат. Тосулган жолду ачуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Двусторонняя встреча глав МИД КР и РТ - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
Эскерте кетсек, буга чейин Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Коңшу айылдын тургундары бири-бирин ташка алганы маалым. Кечки саат 20.00дөн кийин эки өлкөнүн 200гө чукул жараны кайрадан бири-бирине таш ыргытып кырдаал чыңалган.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана чек арачылары кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0