Дагы эле иши жок жүрөсүзбү? Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЯрмарка вакансий в Москве
Ярмарка вакансий в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардагы 30дан ашуун уюм бош орун сунуштайт.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги вакансия жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы билдирди.

В Москве открылся первый вертолетный порт - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
Маалыматка ылайык, иш-чара 15-март күнү саат 10.00дөн 13.00гө чейин Кыргызстандын эл аралык университетинин башкы корпусунда (Турусбеков көчөсү, 89, Чүй проспектиси менен кесилишет) болмокчу. Жарманке аталган окуу жай менен биргеликте уюштурулууда.

Жумуш издеп жүргөндөр үчүн 30дан ашуун ишкана-уюм жетекчилиги менен түз байланышууга, 4000дей бош орундун чоо-жайын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жарманкенин жүрүшүндө ЖОЖ студенттери, мектеп окуучулары үчүн тренингдер өтмөкчү.

Акыркы жолу мындай иш-чара февралдын соңунда өтүп, уюштуруучулардын айтымында, жарманкеге 1000дей киши келип, 500гө чукул адам иш менен камсыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0