Аалымдар кеңеши Кыргызстандагы диний агымдардын багытын аныктайт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМусульманин перед намазом в день праздника Ураза-байрам в мечети Кул-Шариф в Казани.
Мусульманин перед намазом в день праздника Ураза-байрам в мечети Кул-Шариф в Казани. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган уюм жумушчу топтор менен жыйын өткөрдү.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев "Коомчулук менен байланыш жана фатва маселелери" жана "Тышкы алака жана ажылык иштери" боюнча жумушчу топтор менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Аалымдар кеңешинин кезектеги 6-жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук текшерүү комиссиясы отчет берип, аймактагы диний абал талкууланды - Sputnik Кыргызстан
Аалымдар кеңеши жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды
Анда биринчи топко тышкы алакаларды бекемдөө багытында илимий макала даярдоо тапшырмасы берилсе, Кыргызстандагы ар кандай диний агымдардын жана жамааттардын багыттарын аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү тапшырмасы коомчулук менен байланыш жана фатва маселелери боюнча жумушчу тобуна жүктөлдү.

Жумушчу топтор менен болгон отурумга АКнын төрагасынын орун басарлары Ниязалы ажы Арипов жана Фархат ажы Юсупов катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0