19:52 17 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8305
  • EUR78.3044
  • RUB1.0857
Депутат Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү

Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Коом
Кыскача шилтеме алуу
45210

Депутат улутту улут кылып турган тил гана эмес, каада-салт менен нарк-насил экенин айтты.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 8-марттагы феминисттердин жүрүшүндө мыйзам эмес, нарк-насил бузулганын айтты.

Бүгүн депутаттар 8-мартта Бишкек шаарынын борбордук көчөсүндө феминисттердин жүрүшкө чыкканын талкуулашты. Иманалиев кыргыз эли миңдеген жылдардан бери нарк-насил менен жашап келе жатканын айтты.

"Мыйзам бузулган жок, нарк бузулду. Биз мыйзам менен жашаганыбызга 90 жыл болсо, нарк менен жашап келе жатканыбызга миң жылдан ашты. Биздей аз улут үчүн нарк мыйзамдан да күчтүү", — деди депутат.

Ал ошондой эле улутту улут кылып турган бул тил эмес, каада-салт, нарк-насил экенин кошумчалады.

Андан сырткары, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 8-марттагы жүрүштө жалпылап караганда мыйзам бузуу болбогонун, бирок коомго жат, каада-салтка туура келбеген маселелер көтөрүлгөнүн белгиледи.

"Ички иштер министрлиги бул жаатта иш алып барат. Кээ бир мыйзамдарды карап аларга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек", — деди ал.

Асанов депутаттарга маалымат иретинде бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагында 14 миң бейөкмөт уюм катталганын, андан сырткары, 30дай эл аралык уюмдар бар экенин айтты.

Тема боюнча

Мэрия 8-мартта жүрүшкө чыккандарды сотко берүүнү ойлонуп жатат
Белгилер:
каада-салт, Каныбек Иманалиев, Курсан Асанов, ЛГБТ

ЭҢ МААНИЛҮҮ