Бекешев: ЛГБТ коомчулугунун маселесин көтөрүп аларга шарт түзүп жатабыз

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат маселени күн тартибинен алып салууну сунуштап, бирок ал колдоо тапкан жок.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен Исхак Пирматов ЛГБТ коомчулугунун маселесин парламенттин жыйынында талкуулабай, күн тартибинен алып салууну сунуштады. Бирок мындай сунуш колдоо тапкан жок.

Бекешев Жогорку Кеңеш бул маселени талкуулоо менен ЛГБТны пропагандалап, айрым кишилердин Европа мамлекеттеринен куугунтуктан улам башпаанек алууга шарт түзүп жатканын айтты.

"Ушул талкууну аларга көрсөтүшсө, башпаанек берип баштайт. Дүйнө коомчулугуна да шылдың болобуз. Ошону талкуулабай койсок, 2-3 күндөн кийин унутулат болчу. Бул маселени талкуулап кайта күчөтүп жатабыз", — деди депутат.

Дастан Бекешев, андан сырткары, бул теманы талкуулап айрымдардын грант алуусуна жардам болуп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова - Sputnik Кыргызстан
Депутат Мусабекова: парламент азыр унчукпаса "Гейстан" деген өлкөгө айланабыз
Ал эми депутат Тазабек Икрамов "гомосексуалдар аянтка чыкканда уялбаган аны Жогорку Кеңеште талкуулагандан уялалыбы?" деп суроо салды.

Эскерте кетсек, аялдардын эл аралык күнү майрамдалган 8-мартта Бишкекте феминисттер жүрүшкө чыккан. Алардын көтөрүп чыккан айрым лозунгдары элди нааразы кылып, социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн. "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси мындай жүрүштү өткөргөндөргө чара көрүүнү талап кылып, нааразычылык акциясына чыга турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0