1,6 кг "алтынды" ким таап алды? "Кыргызалтын" окуянын чоо-жайы тууралуу

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ЖМКлар депутаттардын биринин пол жуугуч аял аффинаж заводунда бир килограммдан ашык алтын таап алганы тууралуу айтканын жазган.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. "Аффинаж заводунун" филиалында 1, 6 килограмм металлдын табылышы боюнча кызматтык иликтөө башталып, бир катар кызматкерлер иштен кетти. Бул туурасында "Кыргызалтын" ишканасынан билдиришти.

Буга чейин ЖМКлардын бири Жогорку Кеңештин депутаты пол жууган аял заводдун аймагынан 1,6 килограмм алтын таап алганы тууралуу айтканын жазган.

Компаниядан металлды кароолчулар таап, аны жетекчилик менен коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысына билдиришкендигин айтышты.

"Текшере келгенде табылга технологиялык иштерден калган анод затынын калдыгы экендиги белгилүү болду. Кызматтык иликтөө жүрүп, бир катар кызматкерлер иштен кетти. Күзөт кызматынын кыраакылыгынан улам уурдоо фактысы болбой калган", — деп айтылат маалыматта.

Калдыктар кайтарылып, кымбат баалуу металлдардын каттоосу боюнча журналга тиешелүү маалымат түшүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0