Депутат Мусабекова: парламент азыр унчукпаса "Гейстан" деген өлкөгө айланабыз

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Феминисттердин жүрүшү боюнча маалымат алуу үчүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына УКМК менен ИИМдин өкүлдөрү чакырылды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 8-март күнү Бишкекте өткөн феминисттердин жүрүшү боюнча тийиштүү органдардын маалыматын угат.

Мындай меселени бүгүн, шаршембидеги жалпы жыйында депутаттар Жылдыз Мусабекова менен Алмазбек Эргешов көтөрдү. Алардын сунушун төрага Дастан Жумабеков добушга коюп, 83 эл өкүлү колдоп, каршы чыккандар болгон жок.

Мусабекова мындай акция Орто Азия ичинде биринчи жолу Бишкекте өткөнүн белгиледи.

"Аялдардын укугу деген темада борбордук аянтта митинг өткөрүштү. Бул улуттун уңгусуна балта чабылган иш-чара болду. Орто Азияда биринчи жолу гей-парад өттү. Билбегенге бир эле митинг, билгенге кыргыздын каада-салтын, нарк-насилин тепсеттик. Өз баласынын өмүрүнөн элдин тынчтыгын бийик койгон Алай ханышасы Курманжан датканы маскарлашты. Митингди кимдер уюштурду, эмне максат менен, кимге каршы? Ошол үчүн Дастан Артисбекович, УКМК, ИИМ жана башка укук коргоо органдарын чакырып, окуяга баа беришибиз керек, ошону талап кылам. Кыргыздар ансыз деле аз эле. Шайлоочулар менен жолукканда 6 миллион элбиз, буюрса 60 миллион болобуз дешет. Эркек-эркекке үйлөнүп жатса, кантип 60 миллион болобуз. Парламент унчукпай, оозубузга талкан салып отура берсек, эртең Кыргызстан эмес "Гейстан" деген өлкөгө айланабыз", — деди депутат.

Ал эми Алмазбек Эргешов кесиптешин колдоого алып ал күнкү жүрүш өлкөдө чоң резонанс жаратканын билдирди.

Уруксат бергендер иштен кетсин! Кыргыз чоролорунун мэрияга барган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Уруксат бергендер иштен кетсин! "Кыргыз чоролорунун" мэрияга барган видеосу
"Улутту улут кылып сактай турган анын тили менен каада-салты. Ошол ата-бабадан калган салтыбызга туура эмес келген жүрүш болду. Башка көз карашты бизге таңуулап жатышат. Бул улуттун сакталып калышана туура келбеген көз караш. Ошондуктан добушка коюп талкуулайлы", — деди Эргешов.

Эскерте кетсек, аялдардын эл аралык күнү майрамдалган 8-мартта Бишкекте феминисттер жүрүшкө чыккан. Алардын көтөрүп чыккан айрым лозунгдары элди нааразы кылып, социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн. "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси мындай жүрүштү өткөргөндөргө чара көрүүнү талап кылып, нааразычылык акциясына чыга турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0