Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамадагы маршруткалар. Архив
Аялдамадагы маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында апрелдин ортосуна чейин борбор калаага жаңы автобустар келе турганы айтылды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында эл ташуу үчүн күнүнө 2300 микроавтобус чыгат, анын 1020сына видеокаттагыч орнотулду. Бул тууралуу мэриянын жыйынында Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Хасанбек Алимбеков билдирди.

Анын айтымында, видеокамералар 50 автобуска (45 пайыз) жана 87 троллейбуска (60 пайыз) коюлган. Алимбеков, мындан тышкары, борбор калаага апрель айынын ортосуна чейин жаңы автобустар келе турганын кошумчалады.

Осень в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Эмен багы жаңыланат. Мыкты долбоордун ээсине 150 миң сом берилет
Жыйында муну менен бирге эл каттоо боюнча сөз болуп, иш-чара 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин, ал эми алыскы аймактарда 20-29-апрель күндөрү өтөрү айтылды.

Мындан тышкары, Нооруз майрамына көрүлүп жаткан даярдык тууралуу маалымат угулду. Маданият боюнча башкармалыктын жетекчиси Урмат Белекбаевдин айтымында, "Ала-Тоо" аянты, "Илбирс" имараты жана шаардын көчөлөрү жасалгаланмакчы.

Жыйын соңу менен борбор калаадагы үйлөргө номер берүү жана көчөлөрдүн аталышын тактоо иш-чараларын тездетүү тапшырмасы коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0