Бишкектин абасы кир аймактары аталды. Тизме

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаарынын үстүндөгү түтүн. Архив
Бишкек шаарынын үстүндөгү түтүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакын арада Бишкектин борбордук бөлүгү менен жаңы конуштарындагы аба текшерилмекчи.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик дрон жана атайын аппараттардын жардамы менен Бишкектин айрым аймактарынын абасын текшерип көрдү.

Иштер АКШ элчилигинин айланасында, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде, Месарош менен Абдраев көчөлөрүнүн кесилишинде, Москва көчөсү менен Манас проспектисинин, Ибраимов көчөсү менен Жибек Жолунун, Салиева менен Веселая көчөлөрүнүн, Шабдан баатыр менен Мамбетов көчөлөрүнүн, Чокморов менен Акиевдин, Күн менен Жетиген көчөлөрүнүн, Лущихин көчөсүндө жана 7-кичирайондо жүргөн.

Радиация воды в Японии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда крандан аккан сууну ичүү кооптуу. Изилдөө
Натыйжада аталган жердин бардыгында азот диоксидинин нормадан ашыкча (1,07ден 1,9 эсеге чейин) экени аныкталган. Жибек Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде күкүрт водороду 1,1 эсеге көп болуп чыккан. Ал эми Месарош менен Абдраевдин, Аул менен Элебесовдун, Салиева менен Веселаянын кесилиштеринде 3,6 эсе жогору экен.

Толстой менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишкен жеринде азот диоксиди 1,4төн 1,6 эсеге чейин экени айтылды. Бакай-Ата конушунда бул көрсөткүч 1,27 эсени көрсөтөт. Мындан тышкары, Рухий Мурас, Бакай-Ата, ГЭС-2 жана Энесай конуштарында абал кейиштүү экени аныкталды.

Жакын арада Бишкектин борбордук бөлүгү менен жаңы конуштарындагы аба текшерилмекчи.

Агенттиктин маалыматы боюнча абаны кирдеткен бирден-бир негизги булак — автотранспорт. Унаадан чыккан уулуу заттарга атмосфераны булгаган нерселердин 90 пайызы туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0