10:18 21 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7563
  • EUR79.1281
  • RUB1.0852
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары, Москва Ислам университетинин ректору Дамир Мухетдинов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Кыргызстан менен Россиянын муфтияты кызматташат

© Фото / пресс-служба ДУМК
Коом
Кыскача шилтеме алуу
107 0 0

Москва Ислам университетинин ректору Дамир Мухетдинов Кыргызстанга келди.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары, Москва Ислам университетинин ректору Дамир Мухетдинов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу КМДБнын маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу жолугушууда имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, башкармалыктар ортосунда тажрыйба алмашууну бекемдөө жана достук мамилелерди мындан дагы жакшыртуу жаатында сүйлөшүштү.

Ал эми Россиянын муфтийинин биринчи орун басары быйыл 1-сентябрдан 1-октябрга чейин Москва шаарында маанилүү иш-чаралар өтө турганын айтып, эки тараптуу кызматташуу жакшыра бере тургандыгын белгиледи.

Тема боюнча

Ажыга камынгандардын авиабилетинин баасы аныкталды
Белгилер:
муфтият, дин, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ