Кыргызстанда крандан аккан суу кооптуу деген билдирүүгө министрлик жооп берди

© AFP / FRANCK FIFE Крандан суу алып жаткан кыз. Архив
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча америкалык борбордун изилдөөсү боюнча Кыргызстанда крандан аккан сууларды ичүү өтө эле кооптуу.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстанда элге берилген суу Борбор Азиядагы өлкөлөр ичинде, керек болсо мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттерге салыштырмалуу да эң таза болуп саналат. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик департаментинин директору Төлө Исаков билдирди.

Работа ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Адис Бишкекти XIX кылымдагы Лондон менен салыштырды
Белгилей кетсек, буга чейин ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча америкалык борбордун изилдөөсү жарыяланып, анда Кыргызстандын крандарынан аккан сууну ичүү кооптуу экени жазылган. Буга суу түтүктөрүндө адамдын иммундук системасына жат болгон микроорганизмдердин көп экени себеп деп түшүндүрүлгөн.

Исаков расмий маалыматтар боюнча элге берилген суу 300 метр тереңдиктеги скважиналардан алынарын белгиледи.

Элди таза суу менен 2026-жылга чейин камсыздоо стратегиясына ылайык, өлкөдөгү 653 айылга, анын ичинен 26 райондун борборунда таза суу түтүктөрүн жаңылап калыбына келтирүү керек.

Коюлган пландарды аткарууга бир катар өнөктөш-донорлор тартылууда. Атап айтканда, Дүйнөлүк банк, Реконструкция жана өнүгүү боюнча Европа банкы, Европа инвестициялык банкы, Швейцариянын өкмөтүнүн конфедерациясы, Азия өнүгүү банкы, Ислам банкы, ЮНИСЕФ, ПРООН жана башкалар.

"Учурда Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарындагы таза суу системасын калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Суу алып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндүктөрдү таза суусуз калтырган кытай компаниясы суу чыгарып берди
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан суу менен камсыздоо объектилеринде санитарияны камсыз кылуу үчүн акыркы эки жылда эле жети нормативдик талаптар иштелип чыккан.

Акыркы маалымат боюнча элди борборлоштурулган таза суу системасы менен камсыздоо 81,2 пайызды түзөт (2017-жылы 85 пайыз болчу). Айыл элинин 80,9 пайызы таза суу менен камсыз болгон.

"Андан сырткары, айыл элинин 40-57 пайызы гана таза суу менен камсыз болгон айылдар бар. Мындай кыштактар Чоң Алай, Алай, Кара-Кулжа, Кадамжай, Талас, Манас, Бакай-Ата, Аксы райондорунда", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик тараткан билдирүүдө өлкө боюнча 1108 суу түтүгү көзөмөлдө экени айтылат. 2018-жылы аларга 4366 жолу изилдөө жүргүзүлсө, анын 1903үн дарыгерлер текшерген.

Жаңылыктар түрмөгү
0