Бою алп жигиттерден кем калбаган кыргыз кыздар суктантып... Аравиядагы сүрөт

Жазылуу
Кыздардын биринин бою 1,93 метрге жетет, бут кийиминин өлчөмү — 43 сантиметр.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Сауд Аравияда өтүп жаткан Camel Fest фестивалына кыргыз аялдарынын образын жараткан шыңга бойлуу кыздар катышууда.

Катышуучулардын бири Чолпон Сатыкеева фестивалга Кыргызстандан узун бойлуу эки кыз барганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк толкуйт! Сауд Аравиядагы этнофестивалдын ачылыш аземи. Видео
Кыздардын биринин бою 1,91 метр, экинчисинин бою 1,93 метрге жетет. Алар фестивалда улуттук кийимдерди кийип мода көргөзмөсүнө чыгышат. Андан тышкары, этношаарчада кыргыз аялдарынын образын чагылдырып турушат. Ар бирине үч түрлүү форма тигилген. Бут кийимдеринин өлчөмү 41-43 сантиметр.

Кийимдеринин дизайнын кыргызстандык салттуу билим ээси Асел Калканова иштеп чыккан.

Ал эми бою эки метрден ашкан алп жигиттер дагы фестивалга келген конокторду таң калтырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0