Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВ Москве открылся первый вертолетный порт
В Москве открылся первый вертолетный порт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизги талаптардын бири — экономика жаатындагы жогорку билим.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Финансы министрлигинде бир катар кызмат орундары бош турат. Учурда аларга конкурс жарыяланганы министрликтин сайтында маалымдалды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров  - Sputnik Кыргызстан
Министрликте бош орун көп, жаштарды жумушка чакырам! Улукбек Кочкоров менен маек
Биринчи Май району боюнча башкармалыктын казыначылык бөлүмүнө башкы адис керек экендиги жөнүндөгү билдирүү 5-мартта жарыяланган. Анда талапкердин Конституцияны, мыйзамдарды, бюджет боюнча кодексти жана мамлекеттик кызматкердин этикасын билүүсү талап кылынат. Ошондой эле кыргыз жана орус тилдерин билиши керек. Талаптардын тизмесинде экономика боюнча жогорку билими, мамлекеттик же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иштеши керектиги көрсөтүлгөн. Документтер 19-мартка чейин кабыл алынат.

Андан сырткары, ички резервде тургандар үчүн да эки кызмат орду бар. Толук маалыматты Финансы министрлигинин сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0